Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:35

Өкмөт уруксат берилчү ишкердиктин түрлөрүн жарыялады (тизме)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун этаптуу жол-жобосун иштеп чыкты. Ал жөнүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев республикалык штабдын 28-апрелдеги жыйынында айтты. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, өзгөчө абал режиминде 1-майдан тартып ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнүн ишине уруксат берилет:

1. Өнөр жай жана өндүрүш чөйрөсү: энергетикалык өнөр жай, химиялык жана мунайгаз өнөр жайы, машина куруу, прибор жасоо жана электр техникалык өнөр жайы, тоо-кен өнөр жайы, түстүү жана кара металлургия, текстилдик жана булгаары - бут кийим өнөр жайы, эмерек жасоо, курулуш материалдарды өндүрүү жана башка өнөр жай өндүрүш түрлөрү.

2. Курулуш чөйрөсү: курулуш объектилери, сугат, таза суу жабдуулары, ошондой эле каналдар, жолдорду, көпүрөлөрдү оңдоо жана кызмат көрсөтүү.

3. Транспорттук каражаттарды оңдоо жана тейлөө боюнча кызмат көрсөтүү чөйрөсү: техникалык тейлөө жана оңдоо, май алмаштыруу жана сырдоо, дөңгөлөктөрдү желимдөө, жууп-тазалоо жана химиялык тазалоо.

4. Жеке жана мамлекеттик нотариустардын кызмат көрсөтүшү.

5. Соода чөйрөсү: интернет-дүкөндөр (электрондук коммерция), товарларды жеткирүү, анын ичинде курьердик кызмат, курулуш материалдарын дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо, кездемелерди жана фурнитураларды дүңүнөн сатуу жана жеткирүү, дүкөндөрдү (дүң соода түйүндөрү/кампалар/курулуш материалдарын жеткирүүчүлөрдү) кошпогондо, автотетиктерди, велотетиктерди сатуу, май жана автосырдоо дүкөндөрү.

6. Чач тарачтар жана салондордун (алдын ала жазылуу боюнча өзгөчө чач кыркуу, чач боёо жана жасалгалоо) кызмат көрсөтүшү.

7. Такси кызматы (экиден ашык адам салбаш керек).

Мухаммедкалый Абылгазиев 11-майдан кийин эл көп топтолгон тармактардын иштешине уруксат берилерин айтты.

11-майдан тартып экономикалык ишмердүүлүктүн төмөнкү түрлөрүнө уруксат берилет: чакан финансы уюмдары, камсыздандыруу компаниялары, кыймылсыз мүлк боюнча агенттиктер, туристтик агенттиктер.

2. Калкты тейлөө кызматтары: сантехникалык, электромонтаждык жана жыгач устачылык иштер, тиричилик техникасын, машиналарды, аппараттарды жана шаймандарды оңдоо, химтазалоо жана клининг.

3. Соода чөйрөсү: курулуш материалдарынын дүкөндөрү жана базарлар, май жана автомобил сырларын сатуу базарлары, тигүү жана булгары иштетүү тармактары үчүн кездемелерди, фурнитураларды жана башка буюмдарды сатуу базарлары жана автосалондор, авторыноктордон сырткары.

4. Транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсү: коомдук транспорт, автобустарда жана троллейбустарда жүргүнчүлөрдү ташуу, кичи автобустардан сырткары.

«Коомдук автоунааларды ишке киргизүү бир аз опурталдуу, бирок пандемия деңгээли төмөндөсө, анда автобустарга жана троллейбустарга уруксат берилет. Кичи автобустар азырынча коопсуз эмес», - деди премьер-министр.

21-майдан баштап өзгөчө абал режиминде төмөнкү экономикалык ишмердүүлүк түрлөрүнө уруксат берилет:

1. Калкты тейлөө борборлору (КТБлар), финансы жана башка кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү, акча алмаштыруу жайлары, ломбарддар.

2. Калкты тиричилик жактан тейлөө борлорлору: бут кийим оӊдоо, эмерек чогултуу жана оӊдоо, соода-сатык чөйрөсү, соода борборлору, кийим-кече сатуучу базарлар жана дүкөндөр, автомобил базарлары, коштоочу кызматтар. Ошондой эле менчик (жеке) репетиторлордун кызмат көрсөтүүсү, менчик үй-бүлөлүк мончолордун жана СПА-борборлордун кызмат көрсөтүүсү.

Өкмөт эпидемиологиялык абалга жараша экономикалык ишмердүүлүктүн уруксат берилген түрлөрүнө өзгөртүүлөр кириши мүмкүн экенин эскертти.

Абылгазиев санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди катуу сакташ керек болорун, эреже бузган ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери жоопкерчиликке тартыларын белгиледи.

XS
SM
MD
LG