Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:25

«Медиа топтоо – 2020»: Түрдүү платформалар үчүн контент тандоо талкууланып жатат


«Медиа топтоо – 2020» III Индустриалдык онлайн форумунун 4-күнү. 28-апрель, 2020-жыл.
«Медиа топтоо – 2020» III Индустриалдык онлайн форумунун 4-күнү. 28-апрель, 2020-жыл.

«Медиа топтоо – 2020» III Индустриалдык форумунун 4-күнүндө жарнама тармагынын адиси Арсений Ашомко түрдүү платформалар үчүн контентти ылайыкташтыруу тууралуу маалымат берип жатат.

«Медиа топтоо – 2020» III индустриалдык медиа форуму 25-апрелде ишин баштаган. Өзгөчө абалга байланыштуу иш-чара жылдагыдан айырмаланып, быйыл онлайн форматта өтүп жатат.

Медиа форумдун өзөктүү темалары өзгөчө абалда жашап жаткан Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишине байланыштуу тандалган.

Беш күндүк медиа форумда кыргызстандык жана чет элдик адистердин катышуусунда карантиндин жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишиндеги тоскоолдуктар, пандемия учурундагы журналисттердин ишиндеги өзгөрүүлөр тууралуу талкуулар өтүп жатат.

Форумдун иши 29-апрелде жыйынтыкталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG