Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:37

Сауд Арабиясы балак уруу жазасын жойду


2014-жылы блогер Райф Бадави 10 жылга эркинен ажыратылып, 1000 балак жазасына тартылган. Cүрөттүн автору Тобиас Шварц, "Франс Пресс" агенттиги.
2014-жылы блогер Райф Бадави 10 жылга эркинен ажыратылып, 1000 балак жазасына тартылган. Cүрөттүн автору Тобиас Шварц, "Франс Пресс" агенттиги.

Сауд Арабиясынын Жогорку соту ушул айда балак менен жазалоону жокко чыгарганы белгилүү болду. Жума күнү "Рейтер" агенттигинин колуна тийген документке ылайык, эми ал жаза камакка же айыппулга алмаштырылат.

“Бул реформа Сауд Арабиясынын адам укуктары жаатындагы алдыга карай маанилүү кадамы жана падышалыктагы көптөгөн реформалардын бири” деп билдирди өлкөнүн Адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Аввад ал-Аввад.

Тагылган айыпка жараша адамды балак менен уруу буга чейин эл аралык коомчулук, укук коргоочулар тарабынан катуу сынга алынып келген. Акыркы жолу 2014-жылы блогер Райф Бадави 10 жылга эркинен ажыратылып, 1000 балак жазасына тартылган.

Сауд Арабиясындагы өзгөрүүлөр 2017-жылы Мухаммед бин Салман тактыга мураскер канзаада деп жарыяланып, бийлиги күчөгөндөн кийин башталды. Ошол эле учурда эл аралык укук коргоочулар бийликке каяша айткандарды аёосуз жазалоо көрүнүштөрү тыйылбаганын белгилешет. 2018-жылдын октябрында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигинде журналист Жамал Хашогжи өлтүрүлгөн. Бир ай мурда Түркия Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу 20 шектүүгө күнөө койгон. Алардын арасында бин Салмандын ошондогу кеңешчиси негизги шектүүлөрдүн бири катары аталууда.

XS
SM
MD
LG