Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

COVID-19: вакциналар сыноодо


Германиялык биофармкомпаниянын кызматкери COVID-19га каршы вакцинаны сыноодон өткөрүп жатат.
Германиялык биофармкомпаниянын кызматкери COVID-19га каршы вакцинаны сыноодон өткөрүп жатат.

Британияда бейшембиде коронавируска каршы вакцинанын клиникалык сыноосу башталды. Вакцина Оксфорд университетинде иштелип чыккан. Ал арада Германиянын тиешелүү мекемеси ыктымал вакцинаны адамдардын үстүнөн сыноого уруксат бергени кабарланды.

Ошол эле маалда адистер жаңы, жактырылган вакцина калың эл үчүн быйыл даяр болот деп айтууга эрте экенин эскертишет.

Дүйнөдө COVID-19га 2,5 миллиондон көп киши чалдыгып, оору 180 миңдей кишинин өмүрүн алып кеткен чакта вакцинанын муктаждыгы биринчи планга чыгып жатат.

Жаңы коронавируска каршы вакцина ойлоп табуунун үстүнөн Британияда Оксфорд университети жана Лондондогу Империалык колледж иштеп келатат.

Бейшембиде Оксфорддо иштелип чыккан вакцина клиникалык сыноодон өткөрүлө турганын 21-апрелде саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок билдирген.

"Акыр-аягында коронавирусту жеңүүнүн эң жакшы жолу эмдөө. Бул жаңы илдет. Илимге көп жактары белгисиз. Вакцина иштеп чыгууга бар аракетибизди жумшайбыз. Британия бул тармактагы глобалдуу изилдөөлөрдө алдыңкы катарда баратат. Вакцина табуу үчүн башка мамлекеттерге караганда көп инвестиция салып келатабыз".

Эки университеттеги окумуштуулар клиникалык сыноону колдоо үчүн өкмөттөн жалпы жонунан 42 жарым миллион фунт стерлинг же 52.3 миллион доллар алышты.

Министр эки долбоор тең ийгиликтүү алдыга жылып жатканын белгиледи.

Шаршембиде Германияда вакциналарды сыноого жана колдонууга уруксат берген Пауль Эрлих атындагы институт Майнц шаарындагы BioNTech жана өнөктөшү, америкалык Pfizer фармкомпаниясы иштеп чыккан препарат клиникалык сыноодон өткөрүлө баштарын билдирди. Ошол эле маалда так мөөнөтү аталган жок.

Баштапкы сыноодо вакцинанын компоненттерин адам кандай көтөрө турганы жана иммундук реакцияга жөндөмү текшерилмекчи.

Биринчи баскычта вакцина 18-55 жаштагы 200 ыктыярчыга сайылат. Экинчи этапта сыноого ушунча эле киши тартылып, топко вирусту жуктуруп алуу ыктымалдыгы жогору же илдетти оор көтөрүшү мүмкүн деген кишилер кирет. Бирок анын алдында адистер сыноого байланышкан бардык жаңы маалыматтарды анализдешет.

Изилдөөчүлөр белгилешкендей, уруксат алуунун алдында вакцинанын пайдасы менен тобокел жактары жакшылап таразаланып чыккан.

Ошол эле маалда Пауль Эрлих атындагы институттун жетекчиси Клаус Цихутек белгилегендей, жактыруудан өткөн вакцина жалпы колдонуу үчүн быйыл даяр болорун күтпөш керек.

АКШда болсо BNT162 деген аталыштагы вакцинаны сыноо пландалып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG