Ноокаттык дарыгер: 26 күндөн бери ооруканадабыз
Ноокат аймактык ооруканасында коронавируска чалдыккан 112 кишинин 91 илдетти жеңип чыкты. Алардын ден соолугуна кам көрүп, күнү-түнү алардын жанында болуп, илдетти оңой жеңүүсүнө шарт түзгөн дарыгерлердин бири, врач-реаниматолог Улугбек Урулбаев коронавирус менен күрөш тууралуу жана ооруну дарылоо ыкмалары тууралуу айтып берди. Дарыгер оору менен чогуу күрөшүп жаткан Ноокат аймактык ооруканасында иштеген бардык кесипештерине ыраазычылыгын билдирди.