Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Коркуп жашабай, толкуп жашаган акын кетти


Курч акын катарыбыздан кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:45 0:00

Курч акын катарыбыздан кетти

Өзгөчө абал шартына карабай Эл артисти менен коштошуу зыйнатына келгендер көп болду.

Кыргыз коомчулугу 42 жашында көз жумган комузчу, төкмө акын Элмирбек Иманалиевди акыркы сапарга узатты. Анын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлуп, өзгөчө абал шартына карабай Эл артисти менен коштошуу зыйнатына келгендер көп болду.

Акындын тууган-уругу, чыгармачылыктагы достору анын уюган талантын, ташка тамга баскандай сөздөрүн эскеришти. Ошондой эле курчтугу, акыйкаттыктан тайбаган бетке чабарлыгы менен коомдук-саясий турмуш боюнча чыгармалары тууралуу сөз болду.

Кыргыз-казак калкына бирдей таанылып, кош канат элдин уулуна айланган төкмө акын, комузчу, обончу, манасчы Элмирбек Иманалиевдин сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Ага чейин маркумдун Туңгуч районунда жайгашкан үйүнүн алдында аны менен коштошуу зыйнаты өттү. Чакан иш-чарада акындын досу Таалай Керималиевдин сөзү көптүн көзүнө жаш алдырды.

«Бүгүн элде «Элмирбек эмнеден өлдү?» деген суроо турат. Элмирбек чоң кайгыдан өлдү. Отуз жылдан бери кыргыз эли тартып жаткан азап-кайгыны көтөрө албады. Элмирбек мансап, бийликтин азабынан өлгөн жок! Элмирбек бийлик үчүн, мансап үчүн бири-бирин, элин, жерин сатып жүргөндөрдүн азабынан өлдү. Элмирбек ар бир кыргыз жараны 15 күнгө жете турган акчасы жок, 5 килограмм ун келгенде энесин көргөндөй ыйлаган энелердин көз жашынын азабынан өлдү. Элмирбектин бардык касиеттери айтылды. Бирок Элмирбектин көзү ачыктыгы бар эле. Бир нерсени алдын ала сезген жайы бар эле. Мамлекет эмне болорун билип турган сапаты бар эле. Акыркы үч жылда саат 7де Элмирбектин батасы менен ойгончу элек. Ошону окуганда «оомийин, айтканың келсин» дечүмүн. Кош бол досум», - деди Керималиев.

Коронавируска байланыштуу өкмөт жарандарды Элмирбек Иманалиев менен коштошуу зыйнатына болушунча азыраак келүүгө чакырган. Ага карабай акындын жаназасына жана ага топурак салуу үчүн «Ала-Арча» көрүстөнүнө келген элдин саны ого эле көп болду.

Акын менен коштошуу иш-чарасына Элмирбек Иманалиевдин жакындары, чыгармачылыктагы достору, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-саясий ишмерлер келди. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун атынан Кыргыз эл жазуучусу, президенттин кеңешчиси Султан Раев сөз сүйлөдү.

"6 миллион эл өзүнүн жүрөгүндө, көкүрөгүндө аза күтүү жарыялады. 6 миллион элдин уулу 2020-жылы 20-апрелде дүйнө салып отурат. Социалдык тармакты караңыз, кыргыздын баары ыйлап, аза күтүп турат. Себеби, ушул уулубуз кыргызды барктаган, кыргызды даңктаган. Үч күндөн бери Элмирбектин ырларын окуп отурам. Ушунчалык терең, өзүнүн тагдырын өзү жазып койгондой. Мындай терең акындар чанда туулат. Сөздүн тулпары, ойдун тулпары. Сөздү жөн салды эле айтчу эмес. Ар бир сөзүндө терең философия жатат. Элмирбек бараар жериң бейиш болсун. Токтогул, Эшмамбет атаң тосуп алсын. Элмирбектин улуулугу анын сөзүндө. Бүгүн кыргыз эли бир талантынан айрылып отурат. Кош иним, жаткан жериң жайлуу болсун".

Эл артисти Элмирбек Иманалиев дүйнө салганы коңшу Казакстандын төкмөлөрүн да кайгыга батырды. Алар кыргыз элине, акындын үй-бүлөсүнө көңүл айтып аза кайгысын тең бөлүштү. Көбү чек аранын жабыктыгынан Элмирбек Иманалиев менен коштошуу иш-чараларына келе албай калышканын жазышты.

Акын каза болгондон бери телерадиокомпанияларда, гезит, сайттарда аны эскерүү макала – баяндар байма – бай жарыяланууда. Социалдык тармактарда эл анын чыгармаларын бөлүшүп, ичиндеги бугун чыгарууда. Элмирбек Иманалиев тууралуу дагы далай мактоо сөздөрү айтылаары шексиз. Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз акынды минтип жоктоду.

"Кыргызда кейибеген киши жок. Бир эле үй-бүлөсү эмес, бир эле аны тааныгандар эмес, улуу сөз, улуу салт дегендин баары Элмирбекти жоктоп, аза күтүп турган чагы. Бекеринен "карагай ыйлап, тал ыйлап, караган журттун баары ыйлап" деп айтылбаса керек. Мына бүгүн коронавирус дартына карабай, көңүлүңөр чыдабай канчаңар ушул жерде турасыңар. Ооба, дүйнөнүн жарымын бийлеген Чыңгызхан, Бабур, Баласагын, Махмуд Кашкари деле өтүптүр. Бирок Элмирбек жок дегенде жетимиш жашка чыкса болбойт беле. Тулпар мингизсек болбойт беле. 42 жаш деген эмне? Элмирбек деген ким эле, Элмирбек ырдын пири эле, Элмирбек сөздүн гүлү эле...Манасчы десең манасчы, Санатчы десең санатчы, Акын десең акын...Аркы дүйнөгө барсаң Тукам эрте келдиң десе да тосуп алар. Ашыкем тосуп алар, Эстекем тосуп алар. Кудай дагы кыргызга ушундай акындарды, өнөрдү аздектеген ушундай таланттарды берсин. Кош, жаткан жериң жайлуу болсун".

Элмирбек Иманалиев төкмөлүктөн сырткары «Манас» айтып, кыргыз жана казак дастандарды мыкты чеберчиликте аткарган. Замандаштары акындын «Манас» айтуу касиети ачылбай кеткенине, айланасындагылар гана көрүп, калың эл күбө болбой калганына кейип турушат.

Ал ырчы, обончу катары «Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» сыяктуу эл оозундагы мыкты бир топ чыгармаларды жараткан. Бул ырларды кары-жашы дебей жатка билип элдик ыр болуп калды. Мындан тышкары унутта калган мурда жашап өткөн акындардын айтыштарын эске салып, алардын мазмунун бузбай кудум өздөрүндөй аткара билчү.

Элмирбек Иманалиев акындыктын салтын бузбай элге жакын болуп, эл турмушу боюнча да көп ырдады. Ал бийлик кетирген кемчиликтерди ачык айтып, карапайым элдин көйгөйүн тайманбай көтөрдү. Элдин ырыскысын жеген чоңдорду ачык сындады. Буга акыркы учурларда «Төрөлөр төрдү булгады» деген чыгармасы, бийликке болгон кайрылуусу далил.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, саясатчы Адахан Мадумаров акындын жарандык позициясы жана ага карата бийликтин мамилеси тууралуу буларга токтолду.

«Элмирбектин чыгармаларынан бийлик эле эмес жалпы коом кандайдыр бир чечим чыгарыш керек. Элмирбек соңку мезгилдерде эле эмес көптөн бери эле ушундай чыгармаларды жазып келген. Башка маселе анын чыгармалары берилбейт. КТРК, ЭЛТР деген мамлекеттик телекомпаниялар такыр жолотпой, чыгарбай койгон. Себеби, чындык чыркыраган нерсени алар чыгарбай турганын билебиз. Азыр болсо көзү өтүп кеткенден кийин жалган сезим менен сүйлөгөн сөздөрдү уктуңар да. «Залкар эле. Талант эле. Мындай киши 100 жылда келбейт» деп айтып жатышат. 100 жылда келбей турган талант болсо анда кечээ эмне үчүн тепкиге алдың? Мамлекеттик чоң концерт, иш-чараларга катыштырбай, эмнеге киргизбей койгонсуң? Ыйлап сүйлөгөн досу абдан туура айтты. Элмирбек оорудан өлгөн жок. Кайдыгерликтен өлдү».

Чыгармачылыктагы үзөңгүлөштөрү, коомдук – саясий ишмерлер Элмирбек Иманалиевди демократ акын деп Токтогул Сатылгановго салыштырышат. Досу, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр мындай деди:

«Элмирбек бул дүйнөдөн эрте кетээрин билген. Ооруп жүрдү. Акыркы жолу сүйлөшкөнүмдө көп нерсени ойлонуп жүргөнүн айтып калды эле. Ким Элмирбекти көргөн болсо Токтогулду көргөм деп айтса болот. Элмирбек бетке айтып, эч нерседен тартынчу эмес. Муну эл да билет. Ал эрте кетерин билип бийликти сындаган чыгармаларын чыгарды окшойт. Көп нерсени айтканга үлгүрөйүн деп ойлогон окшойт. Мен муну көзүнөн байкачумун».

Алыстап бизден бекиндиң досум,

Арманга салып эзилдиң досум.

Айтышарга жанымда сен жок,

Азыр сен билсең, жетиммин досум.

Ажалдан алып кала албай досум,

Алсызбыз бизди кечиргин досум.

Замандын айткан чындыгын Элмир,

Санатың жашайт миң кылым Элмир.

Жылт эткен өмүр бизде да бүтөт,

Жылмайып тосуп тургунуң Элмир.

Коштогон арман кургурум Элмир,

Кош болгун досум, булбулум Элмир...

Акын менен коштошуу зыйнаты.

Ал эми профессор Жамгырбек Бөкөшөв кыргыз эли рухун коргогон сакчыдан айрылганын айтты:

"Ажалды мыкаачы, ажалды ташбоор дейбиз. Бирок кырктын кырына жаңы келген Элмирбекке кол көтөрөт деп ким ойлоду эле? Арабыздан шарт жулуп кетет деп ким ойлоду эле? Ташка тамга баскандай таасын сөзү, курч кылычтын мизиндей өткүр ою, кардай аппак ою бар эле, жүрөк кылын черткен обону бар эле. Бүгүн Элмирбек жок. Токтогул менен Эшмамбет ичкен булактан суу ичкен, Токтогул менен Эшмамбет жанаша бастырган жолдо баскан, Токтогул менен Эшмамбет үзөңгүлөш туруп, таңшып ырдаган бууракандын бири, устаты Тууганбек менен шаңшып ырдаган Элмирбек бүгүн жок. Кыргыз эли жашап турганда элдин сырдын сырдашар, муңун муңдашар дагы далай акын чыгар. Бирок Элмирбектин ордун ким толтурат? Ушунчалык карапайым, ак жүрөк, суроо берсең күлмүңдөп жооп узаткан жан эле".

Элмирбек Акындын шакирти, төкмө акын Азамат Болгонбаев кыргыздын карт тарыхы оор жоготууга учураганын белгиледи:

"Анткени кыргыздын карт тарыхы сиздей урпагын жоготту. Бүгүнкү күнү да оор жоготууга учурады. Анткени карт тарыхтан бери келе жаткан, кыргыздын улуу рухун алып жүргөн сиздей замандашын жоготту. Тилекке каршы, кыргыздын келечеги да оор жоготууга учурады. Анткени Кан Манасты айткан Ырамандын ырчы уулунан бери келе жаткан, улуу акындардын жолун улаган бабасын жоготту. Сиз өмүрдө коркуп жашабай, толкуп жашадыңыз. Сиз өмүрдө жалкып жашабай, бүтүндөй ааламга сыйбас океандай чалкып жашадыңыз. Кечээ сүрөттөрүңүздү карап отурсам, баарында күлүп түшкөн экенсиз, демек сиз асмандагы Күндөй баарына тийип жашадыңыз. Сиз кумурскадан тартып, Кудайга чейин сүйүп жашадыңыз. Демек сиз аздектеген, өзүңүз туулган Ала Тоодон да бийик жашадыңыз. Сиз Токтогул атабыздын, Эшмамбет атабыздын, Ашыралы, Тууганбай, Эстебес атанын артынан кеттиңиз. Сизге өнөрдө шакирт да болдум. Кудай буйруган экен өкүл атам да болдуңуз. Устатым катары да, асыл замандашым катары дагы, атам катары да сизге ыраазымын".

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” курган маегинде топурак салууга Элмирбектин ырын угуп, сөзүн уккан, бирок өзүн жакындан тааныбаган адамдар келишкенин айтты:

“Анткени Элмирбек элдин уулу болчу. Бүгүн эл уулуп жоктоп турат. Өзгөчө абалга карабай, ушунча эл чогулду. Азыркы кырдаал болбосо бул жерде кыргыз-казак батпай, кылкылдап турмак”.

Акындын дүйнө салганына байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилеринин, чыгармачыл чөйрөнүн атынан некролог жарыяланган. Анда кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учураганы айтылат.

Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Кыргыз менен казакка таанымал төкмө акын, комузчу, Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде кечинде 42 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Чыгаан акын Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. 13-14 жашынан баштап колуна комуз алып чоң айтыштарга катыша баштаган. Элмирбек Иманалиев бир нече республикалык жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү, калк жактырып уккан бир нече обондордун автору болгон. Акындын артында үч кызы, үч уулу калды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG