Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

АКШ Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөшкө 900 миң долларлык жардам берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ эл аралык коомчулуктун коронавируска каршы күрөшүнө көмөктөшүп, жабыр тарткан мамлекеттерге гуманитардык жардамын улантарын билдирди.

Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик департаменти бул багытта 508 миллион доллар бөлүнгөнүн кабарлады. «Бул каражаттар ооруну ооздуктоого, элге өз убагында маалымат жеткирүүгө, өтө маанилүү тармактарды колдоого багытталат», - деп билдирген АКШнын тышкы саясий мекемеси.

АКШдан жардамды мурдагы Советтер Союзуна мүчө болгон өлкөлөр да алат. Ага ылайык, Беларуска 1,3, Украинага 9,1, Грузияга, Арменияга жана Азербайжанга 1,7 миллиондон доллар тиет. Ал эми Борбор Азия мамлекеттерине берилген жардамдан Казакстан 1,6 миллион, Кыргызстан 900 миң доллар алат.

«2009-жылдан бери америкалык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен башка мамлекеттердин саламаттык сактоо тармагына 100 миллиард доллар акчалай жардам, 70 миллиард доллар гуманитардык жардам берилди. Биздин мамлекет саламаттык сактоо тармагына колдоо көрсөтүү жагынан дүйнөдө сап башында турат», деп айтылат Мамдепартамент тараткан билдирүүдө.

АКШдан жардам ала тургандардын арасында Африкадагы бир катар өлкөлөр, Италия сыяктуу Европа мамлекеттери да бар.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) каржылоону убактылуу токтоткон. Кошмо Штаттардын президенти бул уюмду «өзүнүн негизги милдеттерин аткара алган жок жана ушундан улам жоопко тартылышы керек» деп айыптаган.

Дүйнө лидерлери жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Трамптын ДССУ боюнча чечимин сынга алышкан.

АКШ - ДССУга эң көп каражат бөлгөн өлкө. Былтыр Ак үй ага 400 миллион доллардан ашык каражат берген жана бул уюмдун бюджетинин 15% түзгөн.

XS
SM
MD
LG