Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Илдет чалган Ирандын өтүнүчү жана талабы


Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөттүн жыйынында, Тегеран. 8-апрель, 2020-жыл.
Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөттүн жыйынында, Тегеран. 8-апрель, 2020-жыл.

Ирандын президенти Эл аралык Валюта Фондунан каржылык жардам сурап, насыяны бөлүштүрүүдө дискриминацияга жол бербөөгө чакырды.

Ирандын президенти Хасан Роухани өкмөттүн 8-апрелдеги жыйынында баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Эл аралык Валюта Фондуна (ЭВФ) кайрылды. Ал фондду COVID-19 пандемиясына каршы күрөш үчүн Тегеранга каржылык жардам көрсөтүүгө чакырды.

Иран 5 млрд. доллар сурайт

Коронавирустан катуу жабыркаган мамлекеттердин катарында турган Ирандын Борбордук банкы өткөн айда ЭВФтен 5 миллиард доллар сураган. Фонддун расмий өкүлү өтүнүчтүн негизинде Ирандын расмий адамдары менен сүйлөшүү башталганын билдирген.

ЭВФтин маалыматына караганда, Тегеран бул кредитордон өткөн кылымдын 1960-жылдарынан бери жардам ала элек. Хасан Роухани насыяны бөлүштүрүүдө кайсы бир өлкөлөргө артыкчылык берилбеши керек экенин кыйытты.

«Эгер насыя берүүдө Иран менен башкалардын ортосунда дискриминацияга жол бериле турган болсо, биз да, дүйнө коомчулугу да ага чыдап отурбайт», - деди Роухани.

Иран - Азия өлкөлөрүнөн кийин эле коронавирустан алгачкылардан болуп катуу жабыркаган мамлекеттердин бири. Расмий маалыматка караганда илдетке чалдыккандар 63 миң кишиге жетип, алардын 4 миңге жакыны көз жумду. Бирок саламаттык сактоо тармагындагы эксперттер, эркин маалымат каражаттары бийлик анык санды эмес, азайтылган статистиканы көрсөтүп жатканын айтып келишет. Пандемия ансыз да Кошмо Штаттардын санкцияларынан жабыркап турган Ирандын экономикасына катуу сокку урду.

«Мен бардык эл аралык уюмдарды мындай кырдаалда өз милдеттерин аткарууга чакырам. Биз ЭВФтин, Дүйнөлүк банктын мүчөсүбүз. Биз мүчөлүк акыны төлөйбүз. Алар биздин резервдерди колдоно алышат», - деп кошумчалады Роухани.

Санкцияларды жеңилдетүү жөнүндө чакырык

Тегерандагы ооруканалардын бири, 30-март 2020-жыл.
Тегерандагы ооруканалардын бири, 30-март 2020-жыл.

6-апрелде эл аралык «Human Rights Watch» уюму АКШны Иранга карата экономикалык санкцияларды жеңилдетүүгө, пандемия учурунда өлкөгө гуманитардык зарыл каражаттардын киргизилишине мүмкүндүк берүүгө чакырган. Ушундай эле мазмундагы билдирүүнү Бириккен Улуттар Уюму менен бирге башка мамлекеттер да таратышкан.

АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранга гуманитардык жардам сунуш кылган. Бирок Ирандын бийлиги мындай сунуштан баш тартып, Вашингтонду анын ордуна экономикалык санкцияларды алып салууга чакырган. Президент Роухани 8-апрелдеги кайрылуусунда Иранга карата «экономикалык жана медициналык террорчулук» өкүм сүрүп жатканын айтты.

Кошмо Штаттар Ирандын өзөктүк программасын чектөөнү көздөгөн 2015-жылкы эл аралык келишимден 2018-жылы чыгып кеткен. Президент Трамп бул келишимге Ирандын баллистикалык ракеталарды чыгаруу программасы кирбей калганын жана Тегеран Жакынкы Чыгыштагы террордук топторду колдоп жатканын жүйө келтирген эле. Андан бери Вашингтон Тегеранга каршы санкциялардын көбүн калыбына келтирди.

Кошмо Штаттардын санкциялык тизмесине дары-дармектер жана медициналык каражаттар кирген эмес. Ошентсе да айрым банктар АКШда айыппулга кабылып калуудан коркуп, Ирандын алардан бир нерсе сатып алышына бөгөт коюп келет.

31-мартта Британия, Франция жана Германия «Instex» аттуу система аркылуу Иранга медициналык каражаттарды жөнөттү. Бир жыл мурда түзүлгөн бул система санкцияларды бузбай, мыйзамдуу түрдө гуманитардык жардам жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Иран илдеттен качан арылат?

Иран парламентинин жыйынында саламаттык сактоо министри Саид Намаки сүйлөп жатат, Тегеран. 7-апрель, 2020-жыл.
Иран парламентинин жыйынында саламаттык сактоо министри Саид Намаки сүйлөп жатат, Тегеран. 7-апрель, 2020-жыл.

7-апрелде Ирандын коронавирустан улам бир нече аптадан бери жабык турган парламенти ишин жандантты. 290 мүчөсү бар парламенттин бул жыйынына өткөн аптада коронавирус табылган спикер Али Ларижани катышкан жок.

Анын орун басары Массуд Резешкиан президент Роуханинин өкмөтүн «эпидемияга олуттуу мамиле кылган жок» деп сындады.

Шейшембидеги сессияда Иранда бир айлык толук карантин жарыялоо тууралуу сунуш четке кагылды. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Саид Намаки вирус басаңдап баратканын айтып жатат.

«Биз бул коркунучтуу ажыдарды ооздуктадык. Жакынкы күндөрү илдетти көзөмөлдөп, токтото алабыз деп үмүттөнөм. Тилекке жараша айрым провинцияларда вирустун жайылышын дээрлик токтотуп калдык», - деп билдирди 7-апрелде министр Намаки.

Ошентсе статискала Иранда бир күн ичинде илдетти жугузуп алгандардын да, каза тапкандардын саны кескин азая элек экенин көрсөтүп жатат. 8-апрелде соңку бир суткада 2 миңдей адам вирусту жугузуп алса, 121 киши илдеттен каза тапканы белгилүү болду. Өпкөнү сезгенткен коронавирустан көз жумгандардын саны боюнча Иран дүйнөдө алтынчы орунда турат.

Эл аралык уюмдарга кайрылуу

7-апрелде дүйнөнүн жүздөн ашуун жарандык жана кайрымдуулук уюмдары эл аралык каржы фонддорун коронавирус пандемиясына байланыштуу жакыр өлкөлөрдүн быйылкы карыздарын кечүүгө чакырышты.

«Оксфам» сыяктуу белгилүү уюмдар кол койгон бул кат «Чоң жыйырмага» кирген мамлекеттерге, ЭВФке жана Дүйнөлүк банкка жөнөтүлдү. Катта өнүгүп келе жаткан өлкөлөр бир эле маалда эпидемия менен күрөшүп, ошол эле учурда экономикасы чоң зыян тартып жатканы айтылат.

Маалыматка ылайык, эгер 69 жакыр өлкө 2020-жылдагы тышкы карызды төлөө милдетинен бошотулса, 25 миллиард доллардай каражатты элин багууга үнөмдөп калышмакчы. Буга чейин ЭВФ жана Дүйнөлүк банк эң жакыр мамлекеттердин карыздарын убактылуу токтотоорун жарыялаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG