Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:49

Казакстанда жөлөкпул алып аткандарды көрсөткөн активист камалды


Багдат Бактыбаев.
Багдат Бактыбаев.

Жамбыл облусунун Толе-би айылындагы жарандык активист Багдат Бактыбаев 95 долларлык жөлөкпул алууну каалаган жарандардын кезегин «Фейсбук» социалдык түйүнү аркылуу түз эфирде көрсөткөнү үчүн 10 суткага камакка алынды. Бул тууралуу анын жубайы Диана Бактыбаева билдирди.

Анын айтымында, 6-апрелде күйөөсү айылдагы почта бөлүмүнүн алдында адамдар топтолуп турганын социалдык түйүндөгү баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Андан соң район акимчилигине барганда аны кармап, полиция бөлүмүнө жеткиришкен. Сот ошол эле күнү кечинде видео байланыш аркылуу өтүп, активистти 10 суткага камакка алууга өкүм чыккан. Ал «Өзгөчө абал учурунда коомдук тартипти бузууга түрткөн аракетке баруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Өкүмгө ылайык, Бактыбаевдин камак мөөнөтү 6-апрелден эсептелет.

46 жаштагы Бактыбаев жигердүү жарандык ишмердүүлүгү менен белгилүү. Февралдын аягында Алматыда саясий туткундарды бошотууну талап кылып жалгыз митингге чыккан. Ага чейин Шу шаарында аны айып төлөөгө милдеттендирген сот чечимине нааразылык билдирип, «Казакстанда мыйзам жок» деген плакат менен пикет өткөргөн. Бул акциялардан кийин Бактыбаев «Тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу» беренеси боюнча айыпталып, 15 суткага камакка алынган. Сотто ал айыптарды четке каккан.

XS
SM
MD
LG