Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Сом акыркы үч күндө туруктуулугун сактады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын 6-апрелдеги көрсөткүчүнө ылайык, 1 АКШ доллары 84 сом 87 тыйын, 1 евро 91 сом 64 тыйын турат. Бул 3-апрелге карата сом долларга карата 0,03%, еврого карата 1,14% көтөрүлдү дегенди билдирет.

Ал эми орус рубли менен казак теңгеси тескерисинче 0,70-0,90% күчтөнгөн.

Бир нече жылдан бери 69 сомдун айланасында туруктуу сакталып келе жаткан сомдун наркы 10-мартта кескин төмөндөп, АКШ доллары 75 сомго чейин чыккан. Улуттук банк интервенция жолу менен курсту 73 сомго чейин түшүргөн. Көп өтпөй, сомдун баасы дагы төмөндөп, 1 АКШ доллары 85 сом, 1 евро 95 сомго чейин жогорулаган.

Улуттук банк муну дүйнөдө жана өнөктөш мамлекеттердин каржы рыногунда болуп жаткан олку-солку абалга байланыштырууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG