Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:58

Маршал Коневдин Прагадагы эстелиги алынды


Прагадагы маршал Иван Коневдин эстелиги. 1980-жылы орнотулган.
Прагадагы маршал Иван Коневдин эстелиги. 1980-жылы орнотулган.

Чехиянын борбору Прага шаарында Советтер Союзунун маршалы Иван Коневдин эстелиги музейге көчүрүлдү.

Прага-6 районунун акими Ондржей Коларж буга байланыштуу комментарий берип жатып: «Анын беткабы жок болчу. Эрежени баары сакташы керек, көчөгө баары оозу-мурдун жаап алып чыгышы зарыл», деп жазды.

Прага-6 райондук кеңеши былтыр сентябрда район башчысы Ондржей Коларждын сунушун колдоп, Интербригада аянтындагы Иван Коневдин эстелигин алуу тууралуу чечим чыгарган. Орусиянын Чехиядагы элчилиги муну кескин айыптаган. Райкеңештин чечимине ылайык, эми бул эстеликтин ордуна Экинчи дүйнөлүк согушта Праганы нацисттерден бошоткондордун урматына арналган атайын мемориал коюлмакчы.

Коневдин Прагадагы эстелиги 1980-жылы орнотулган жана ошондон бери эле коомчулук арасында талаш-талкуу жаратып келген. Кийинки жылдары айкелди бүлүндүрүүгө бир канча жолу аракет кылгандар болгон.

Маршал Экинчи дүйнөлүк согушта Чехословакияны нацисттерден куткарган Кызыл Армиянын аскердик бөлүгүн жетектеген. Бирок Коневдин 1945-жылдан кийинки Европадагы аракеттери, тактап айтканда 1956-жылы Венгриядагы козголоңду басканы, 1968-жылы Чехословакияга аскер киргизүүнү пландаганы терс бааланып келет.

XS
SM
MD
LG