Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:46

Эл чогулткан акчаны көзөмөлдөөчү комиссиянын бир мүчөсү чыгып кетти


Назгүл Турдубекова.
Назгүл Турдубекова.

Коронавирус илдетине каршы күрөш үчүн элден топтолуп жаткан акчаны бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамынан анын бир мүчөсү чыгып кетти.

«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова комиссиянын курамынан чыгуу тууралуу чечимди жеке өзү кабыл алганын, буга комиссияда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн аздыгы себеп болгонун «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жазды.

Турдубекова белгилегендей, элден түшкөн каражатты көзөмөлдөөгө жарандык коомдон көбүрөөк адам тартылышы керек болчу.

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 111 кишиге жетти.

Комиссияга парламенттен үч, өкмөттөн жети, президенттик администрациядан бир жана өкмөттүк эмес уюмдардан эки өкүл кирген. Аны өкмөттүн аппарат башчысы Самат Кылжыев жетектейт.

Жарандык коомдон комиссияга Назгүл Турдубекова жана «Социалдык кызматтарды өнүктүрүү фондунун» башчысы Бурулсун Сүйүналиева мүчө болуп кирген.

1-апрелге карата ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегериш үчүн ачылган атайын эсепке жалпысынан 70 миллион сомго жакын каражат чогулду. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG