Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:55

Муфтий: Жума намазды мечитте окуган күн да келет, дүрбөлөңгө түшпөгүлө


Сүрөттө муфтий Максатбек Токтомушев.
Сүрөттө муфтий Максатбек Токтомушев.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев жума намазы мечитте мамлекет уруксат бергенден кийин окула баштай турганын билдирди. Ал 20-мартта “Адам тамыры адеп” телекөрсөтүүсү аркылуу суроолорго жооп берип жатып, андай күн да келерин белгилеп, өлкө мусулмандарын дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды:

"Көпчүлүк болгондон кийин, адамдын коопсуздугу, ден соолугу баарынан жогору турат. Шариятыбызда да ушуга баа берилген. Ошондуктан Саудияда, Египетте, Кувейтте - чоң ислам мамлекеттеринде мечитке беш убак намазга да, жума намазга да келбей, адамдар көп чогулбай тургула деп жарыя кылып жатат. Бул күндөр да өтөт. Өтө эле чөгүп кетпей, башыбызды көтөрүп, паникага алдырбай, мээнет менен ишибизди уланталы".

17-мартта Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылышына каршы туруу максатында жума намазды мечиттен окуу убактылуу токтотулган.

20-мартта диний аалым Абдышүкүр Нарматовдун бош мечиттин ичинде тартылган видеосу интернетте тараган. Анда ал ыйламсырап “Жетимсиреген мечит. Жамааты жок жума. Имамдары жок жума. Жаратканга жалбаарып, ыйлай турган жума” деп айткан.

Ошондон соң Интернетте Нарматовдун бул кайрылуусунан кийин мечитке адамдар агылып барганы тууралуу маалымат тараган.

Бишкек шаардык мусулмандар казысынын орун басары Эрназар Асатов бул маалымат тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип:

"Жума намазына келгендер болду. Биз тартип коргоо кызматкерлери менен бирге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Жума намазы окулган жок" деп жооп берди.

18-марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган алты адам катталды. Алар баары тең жакында Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. Буга байланыштуу Сузак жана Ноокат райондорунда өзгөчө абал жарыяланды. Ош шаарында коомдук транспорт токтомой болду. Мектептер, бала бакчалар жана жогорку окуу жайлары, Бишкектеги ири соода борборлору убактылуу жабылды. Ноорузду эл чогулуп майрамдоого тыюу салынып, эл каттоо өнөктүгүнүн мөөнөтү да которулду. Президент Сооронбай Жээнбеков элге кайрылып, эгер зарыл болбосо, көчөгө чыкпоого чакырды. (RK)

XS
SM
MD
LG