Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Коронавирус: Кыргызстан обсервация үчүн 1600 орун даярдап койду


«Манас» аэропортунун жанында ачылган обсервация жайы.
«Манас» аэропортунун жанында ачылган обсервация жайы.

Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам обсервация үчүн жалпысынан 1600 орун даярдалган. Бул тууралуу 18-мартта саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, учурда 321 адам обсервацияга алынып, дарыгерлердин көзөмөлүндө турат, калган 1300гө жакыны бош.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылууда. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Обсервация - жугуштуу оорудан улам карантин жарыяланган өлкөдөн келгендерди убактылуу жайгаштыруучу жай. (RK)

XS
SM
MD
LG