Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

АКШ: демократтардын соңку ички жарышында Жо Байден жеңди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШда мурдагы вице-президент Жо Байден Мичиган, Миссури жана Миссисипи штаттарындагы демократтардын ички жарышында алдыга чыкты. Праймериз 10-мартта Түндүк Дакота, Айдахо жана Вашингтон штаттарында да өттү, бирок анын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.

Демократтардын атынан президенттикке талапкер 3979 делегаттын кеминде 1990нун добушун алышы керек. Ушул тушта Жо Байден 664, ал эми анын башкы саясий атаандашы сенатор Берни Сандерс 573 добуш топтоду.

Жо Байден 3-мартта «супер шейшемби» деп аталган күнү 14 штаттын онунда утуп чыккан. Экинчи орунду Берни Сандерс алган - аны эл эң көп жашаган Калифорния менен Техаста колдошкон.

Бул жарышта сенатор Элизабет Уоррен менен миллиардер, Нью-Йорк шаарынын мурдагы мэри Майкл Блумберг утулгандан кийин алар президенттик жарыштан четтеген.

Демократтардын атынан башында президенттикке талапкер болууну каалаган 25 киши чыккан. Азыр негизинен Жо Байден менен Берни Сандерс таймашып жатат.

XS
SM
MD
LG