Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

Жаш премьердин жарым жылдык башкаруусу


Алексей Гончарук.
Алексей Гончарук.

Украинанын премьер-министри катары жарым жыл гана иштеген Алексей Гончарук кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. 4-мартта кезексиз жыйында Жогорку Рада премьерликке Денис Шмыгалды шайлайт деп күтүлүүдө.

«Премьер-министр алмашат экен» деген кабар бир нече күн мурда эле тарап жаткан. Бирок 2-мартта Алексей Гончарук басма сөз жыйынын өткөрүп, арыз жазбаганын билдирип, келечек тууралуу сөз кылган.

«Биз азыр өкмөттү жакшылап бекемдөөнү ойлонуп жатабыз. Бул командалык чечим болот, ошондой эле ал президенттен жана парламенттеги кесиптештеримден да көз каранды. Соңку бүтүм кандай болот? Аны айтпай эле коеюн, анткени бир чечим жарала элек».

Украин бийлиги эми Гончаруксуз бекемделе тургандай. Билдирүүдөн бир күн өтпөй анын премьер-министрликтен кетүү тууралуу арызы жарыяланды. Парламент арызды 3-марттын кечинде кабыл алып, тийиштүү комитети арызды канааттандырды.

35 жаштагы Гончарук Украинанын тарыхындагы эң жаш премьер болду. Өткөн жылкы кезексиз парламенттик шайлоодон кийин, августтун аягында өкмөт башына келген. Алдыдагы беш жылда экономиканы 40% көтөрүүгө убада берген. Бирок акыркы айларда украин өндүрүшүндө өсүү темпи күтүлгөндөн жай болду.

Гончарук жана Зеленский
Гончарук жана Зеленский

Ал эми интрига аз болгон жок. Гончарук бир нече апта мурда өкмөттүк жыйын учурундагы сүйлөшүү интернетке чыгып кеткенден кийин да кызматтан кетүүгө арыз жазган. Аудиодо Гончаруктун үнүнө окшош адам президент Владимир Зеленскийдин башкаруу стилин, экономиканы түшүнүү жөндөмүн сындап, шылдыңдап пикир айтып жатканын угууга болот. Бул окуядан кийин ал президентке жолугуп, маселе чечилгени маалымдалган. Бирок жаш премьер алты ай гана бийликте болду.

4-марттын кечинде Жогорку Раданын кезексиз жыйыны өтүп, жаңы премьер-министр шайланары күтүлүүдө. Буга чейин бир нече адамдын аты аталып келген.

Денис Шмыгаль
Денис Шмыгаль

Бирок парламентте көпчүлүктү түзгөн «Эл кызматчысы» фракциясы 3-мартта президент сунуш кылган Денис Шмыгалдын талапкерлигин жактырганы белгилүү болду. 44 жаштагы Шмыгаль вице-премьер-министр жана Украинанын Аймактары менен жамааттарын өнүктүрүү министрлигине дайындалганына бир ай гана болгон. Ошондо эле аны кийинки өкмөт башчысы болот дей башташкан.

Денис Шмыгаль өткөн жылдын августунан бери губернатор, ага чейин Украинадагы бирден бир бай адам Ринат Ахметовго тиешелүү энергетикалык ири компанияны жетектеп, каржы-экономикалык кызматтарда иштеген. Шмыгаль Ахметовду тааныбасын айтып келет.

Украинада аткаминерлердин олигархтар менен кызматташтыгы катуу сынга алынат. Өзү да миллиардер Игорь Коломойский менен тыгыз байланышта деп сындалып келген Зеленский шайлоо алдында олигархтарды саясатка жолотпоого убада берген.

Бирок Шмыгалдын кызматтык тепкичтен тез көтөрүлүшү "Акчалуулар бийликти калчап жатабы?" деген сөздү кайра күчөттү. Саясат талдоочу, «Демократиялык демилгелер» фондунун илимий директору Алексей Гарань мындай дейт:

«Шмыгаль Ахметовдун кишиси деп айта албайт элем. Бирок жалпысынан алганда биз азыр Зеленский эски оюнду ойной баштаганын көрүүдөбүз. Ал Коломойскийден оолактагысы келип жатат, бирок башка олигархтар – Ахметов, Пинчук менен мамиле түзүүдө».

Украиналык РБК агенттиги өз булактарына таянып, Шмыгалдын кабинетинин курамы дээрлик жаңыланарын маалымдады. «Азаттыктын» украин кызматы менен сүйлөшкөн эксперттер өкмөт канчалык алмашканы менен реалдуу бийлик президентте, өзгөрүүлөр Владимир Зеленскийдин дараметине көбүрөөк көз каранды деп белгилешет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG