Келишим боюнча «Талибан» кыймылы Кабулда ооган өкмөтү менен эки тараптуу сүйлөшүү өткөрүп, дагы бир катар коопсуздук милдеттенмелерин аткарган шартта АКШ жана анын НАТОдогу өнөктөштөрү жылдын аягына чейин аскерлерди чыгарып кетет.
Катардын баш калаасы Доха шаарындагы тынчтык келишимине кол коюлгандан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу Ак үйдө сөз сүйлөп, Ооганстандагы аскерлерди чыгарып кетүү дароо башталарын жар салды.
«Мен талибдер биздин убакытты текке кетирбей, макулдашылган шарттардын баарын аткарарына чын дилимден ишенем. Кокус абал оорлосо, биз кайтып келебиз. Ушунчалык тездик менен кайтып келерибизди эскертип койгум келет. Андай муктаждык болбосо экен деп тилеп жатам».
Трамп 19 жылга созулган согуштан кийин жетишилген келишимди сындаганга эч кимдин акысы жок экенин кошумчалады.
Бул документ АКШ менен талибдердин 2018-жылдын октябрь айынан бери уланып келаткан сүйлөшүүлөрүнүн негизинде макулдашылды. Ага ылайык АКШ жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн аскерлери талибдер өз милдеттенмелерин аткарган шартта Ооганстандан 14 айдын ичинде чыгып кетиши керек. Учурда Ооганстанда 13 миңдей америкалык аскер бар. Келишимге кол коюлгандан кийин жоокерлердин саны 8600гө кыскарып, калганы кийинки жылы чыгарылат деп күтүлүүдө.
Кол койгондон кийин Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкө тынчтык жолунда өнүгүүгө бет аларын билдирди:
«Ооган бийлигинин өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөрүбүз менен чогуу бул келишимде белгиленген шарттарды аткарып, "Талибан" менен саясий бир пикирге келип, кагылышууларды токтотобуз. Биздин өлкөнүн экономикасын чыңдоо, элдин бакубат жашоосу үчүн саясий эрк жана потенциалыбыз жетиштүү».
Буга чейин «Талибан» кыймылы ооган бийлиги менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео талибдерди өз убадаларын аткарууга, «Ал-Каида», «Ислам мамлекети» сыяктуу террордук топтор менен мамилесин үзүүгө чакырды:
«Эгерде келишимде көрсөтүлгөн шарттар аткарылбаса, бул кол коюудан майнап чыкпайт, биздин бүгүнкү кубанычыбыз көпкө созулбайт. Ооганстандын келечеги ооган элинин тынчтыгына багытталышы керек. Бул келишим ооган элине бакубат жашоого шарт түзүүнү көздөйт».
Кошмо Штаттарда бул келишимди сындагандардын арасында Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кенешчиси Жон Болтон бар. Болтон бул документ "Талибанды" мыйзамдаштырат деп эсептейт.
Ал арада талибдердин лидери Абдул Гани Барадар келишимде көрсөтүлгөн шарттар аткарыларын белгилеп, "Ооганстандын өнүгүүсүн камсыз кылып, өлкөдө шарияттын нормаларын сактоого" убада берди.
Келишимге 2019-жылдын октябрь айында кол коюлары күтүлгөн. Бирок Кабулдагы терактта америкалык аскер каза тапкандан кийин АКШ президенти Дональд Трамп талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тарткан. Сүйлөшүүлөр бир нече айдан кийин кайра башталган.
Жаңы келишимге ылайык 10-мартка чейин туткунда кармалган миңдей ооган жоокери бошотулуп, алардын ордуна "Талибандын" 5 миңдей мүчөсү абактан чыгат. 10 миңден ашык адамдын өмүрүн кыйган согуш 2001-жылдын 11-сентябрында АКШдагы теракттардан кийин башталган.
2001-жылдан бери АКШ Ооганстанга 100 миңдеген аскерин жиберген. Бул согуш АКШ бюджетине 500 миллиард долларга жакын чыгым алып келди. «Талибанга» каршы согуш башталгандан бери АКШ аскер күчтөрүнүн 2300 жоокери каза таап, 20 660 аскер жарадар болгон. Ооганстандагы адам курмандыктарын Бириккен Улуттар Уюму 100 миңден ашык деп эсептеген.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.