Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:47

Иранда коронавирустан каза болгондордун саны 43кө жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Иранда өпкөнү сезгенткен коронавирустан 24 саатта тогуз киши каза болду. Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү ушуну менен өлкөдө коронавирустан өлгөндөр 43кө жеткенин, вирусту жугузгандардын саны 593 экенин айтты.

Вирустун таралышы боюнча Иран Кытайдан кийинки эле эң кооптуу өлкөгө айланды. Вирусту жуктургандардын арасында Ирандын аялдар жана үй-бүлө маселелери боюнча вице-президенти, саламаттык сактоо министринин орун басары жана төрт парламент депутаты бар.

Бул илдетке байланыштуу Тегеранда жана өлкөнүн дагы 22 провинциясында жума намазга чогулууга тыюу салынды.

Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 83 миңге жетип, вирустан 2800 киши каза болду. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, Кытайдан кийинки эле вирус эң көп катталган өлкөлөр Түштүк Корея, Иран жана Италия болууда. Каза болгондордун көпчүлүгү Кытайга туура келет. (BTo)

XS
SM
MD
LG