Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

ИИМ: уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноого байланыштуу камалды


ИИМ кармаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.
ИИМ кармаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.

Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү тоноого байланыштуу шектүү катары камалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айында аял киши ишкерлерге карата опуза болуп жатканын айтып, милицияга арызданган.

Анда Ысык-Ата районунда менчик мейманканалардын бирине белгисиз адам келип, коркутуу жолу менен 7000 сом алып кеткени жазылган.

Бул фактыга байланыштуу Чүй облустук милициясы ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 28 жаштагы кишини кармады. Ал соттун чечими менен бир айга камакка алынды.

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түзгөн үч негизги уюшкан кылмыштуу топтун 421 мүчөсү бар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу беренелерге өзгөртүү, толуктоо киргизүү максатында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жазасын күчөтүү, аларды аныктоо жана чара көрүү механизмдери жазылган мыйзам долбоорун сунуш кылды. (BTo)

XS
SM
MD
LG