Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Казакстандын эки шаарында Интернет иштебей калды


22-февралда Казакстандын эки шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Бул күнү нааразылык акциялары өтөрү кабарланган. Нур-Султандагы Республика проспектисиндеги “Жаштар” сарайынын жанында полициянын автобустары турат жана жарандык кийимчен кишилер жүрөт. Имаратка кирүүчү жол жабылды, жанындагы соода түйүндөр жана финансы уюмдары иштеген жок.

Алматыдагы Астана аянтында полиция кызматкерлери жана ички иштер министрлигиндеги атайын бөлүктүн кызматкерлери турат. 22-февралда эртең менен Демократиялык партия түзүү демилгесин көтөргөн топтун ондон ашуун мүчөсү кармалган. Алар саясий активист Жанболат Мамайды бошотууну талап кылууга чыгышкан.

Бүгүн, 22-февралда Астана аянтында жана баш калаадагы “Жаштар” сарайынын жанында 11 жылдан бери бозгунда жүргөн оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов жетекчилик кылган “Казакстандын демократиялык тандоо” кыймылынын митинги болору кабарланган.

Кабарчылар Алматы шаарынын борбордук аймактарында мобилдик интернет үзгүлтүккө учурап жатканын маалымдашты. Нур-Султандагы “Жаштар” сарайы жайгашкан райондо дагы ушундай кырдаал түзүлгөн.

Казакстандык демократиялык тандоо” кыймылын оппозициялык саясатчы Мухтар Аблязов түзгөн. Кыймыл 2018-жылы “экстремисттик” деп табылып, Казакстанда тыюу салынган. Башкы прокуратура болжолдонгон нааразылык акцияларынын алдында жарандарга жыйындар мыйзамсыз экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG