Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:16

«Boeing» компаниясы 737 MAX үлгүсүндөгү учагына байланыштуу иликтөө баштады


«Boeing» компаниясы.
«Boeing» компаниясы.

«Boeing» компаниясы 737 MAX үлгүсүндөгү учагынын бензин куюучу багынан түрдүү заттар табылганын билдирди. Корпорация буга байланыштуу иликтөө иштерине жана сатыкка даярдалып жаткан учактарды текшерүүгө киришкенин «Reuters» агенттиги «Boeing» компаниясынын ички документтерине таянып билдирди.

«Boeing 737 Max» учактары былтыр марттан тартып пайдалануудан алынган. Буга ушул үлгүдөгү учактар туш болгон кырсыктар негиз болгон. 2018-жылы октябрда Индонезияда, 2019-жылы мартта Эфиопияда жүргүнчү ташып бараткан «Boeing 737 Max» учактары кыйраган. Натыйжада 346 адам мерт болгон. Кыйроонун себеби учактагы электрондук программалоо системасындагы мүчүлүштүктөр болгону айтылган.

Быйыл «Boeing» компаниясы 737 MAX үлгүсүндөгү учагын чыгарууну токтоткон.

XS
SM
MD
LG