Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:56

Алмаматовдун иши: соттор сөгүш укту


Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду абактан чыгарган Бишкек шаардык сотунун судьяларына сөгүш берилди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовго айыппул салып, абактан бошоткон Бишкек шаардык сотунун судьяларына чара көрүү боюнча маселе Соттордун Тартип комиссиясында 7-февралда каралды.

Анда Башкы прокуратуранын сунушунун негизинде шаардык соттун судьялары Адис Момуналиевге, Нурлан Кожомбердиевге жана Алмаз Карабековго сөгүш жарыяланганын аталган комиссиянын басма сөз катчысы Назира Сагыналиева айтып берди:

«2019-жылдын аягында Коомдук талдоолор институтунан сотторго карата тартип жазасын колдонуу боюнча кайрылуу түшкөн. Быйыл январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынында президенттин сынынан соң Башкы прокуратура да кайрылган. Мына ушул материалдарды карап, Тартип комиссиясы Бишкек шаардык сотунун үч судьясы тууралуу Башкы прокуратуранын сунушун канааттандырды. Бул боюнча Башкы прокуратурага маалымат берилди».

Алмаматовдун иши боюнча Тартип комиссиясынын мындай чечими коомчулукта бир катар талкууну жаратты. Анткени бул маселе өлкөнүн жетекчилерине чейин жетип, Коопсуздук кеңешинде катуу сөз болгон.

24-январда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков бул иш боюнча сот жана прокуратура органдарын сынга алып, катуу тилдеген:

«Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! Силер отурасыңар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Чара көрбөй жатасыңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашкансыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашкансыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар».

Президенттин бул сынынан соң коомчулук судьяларга кандай чара болот деп күтүп жаткан.

Башкы прокуратура Насирбек Алмаматовдун ишине катышкан прокурор Белек Рыскуловду кызматтан алды. Алмаматов боюнча чечим кабыл алган сотторго чара көрүү өтүнүчү менен Тартип комиссиясына кайрылган Коомдук талдоолор институтунун өкүлдөрү акыркы кырдаалга таң калганын жашырышкан жок. Мындан улам аталган уюм президентке кайрылуу жолдоду:

«2020-жылдын 24-январында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынындагы сиздин сөзүңүздөн соң коррупционердин эркиндикке чыгып, сот жазасынан качып кетишине жардам берген Бишкек шаардык сотунун судьялары Момуналиев А. Ж., Кожомбердиев Н. К., Карабеков А. М жазага тартылат деген ишеним пайда болгон. Бирок убакыт көрсөткөндөй, сот бийлиги жана жергиликтүү органдар өздөрү таза эмес жана тазаланууга даяр эмес экен. Муну Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын чечими далилдеди» деп айтылат кайрылууда.

Коомдук талдоолор институту соңку чечимдер бул ишке президенттин айланасындагы адамдар аралашкан болушу мүмкүн деген күмөн ойлорду күчөтүп жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу институт Сооронбай Жээнбековду ишти жеке көзөмөлүнө алып, күнөөлүү адамдарды жазага тартуу жөнүндө Башкы прокуратурага буйрук берүүгө чакырган.

Аталган уюмдун юристи Улан Өмүркул уулу эгер Алмаматовдун ишинде кайсы бир кызыкдар күч болбосо, соттор мындай талаштуу чечимди кабыл алууга батынмак эмес деген пикирде:

«Буга чейин президент деле жогорку кызматтагылар аралашкан болушу мүмкүн деп айтпады беле. Акыркы чечимдерди карап туруп, «чынында эле ошондой го, балким президенттин айланасындагы адамдар эмеспи» деген ойго келесиң. Анткени буга чейин мындай жөнөкөй деле ката кетирген айрым сотторду жумуштан бошоткон учурлар болгон. Мында болсо улам созуп жатышып, акырында сөгүш берүү менен чектелишти».


Чынында эле, акыркы жолу ичимдик ичип автоунаа башкарды деген Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова иштен бошотулган.

Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраевдин айтымында, Алмаматовго карата акыркы окуялар президенттин, Коопсуздук кеңешинин кадыр-баркына оңбогондой зыян келтирди:

«Эми мындай болбойт да. Мамлекет башчысы бир сүйлөйт, бир айтышы керек. Бизде Коопсуздук кеңешинен жогорку орган жок. Ошол жерде айтылган маселе боюнча ушундай чечим кабыл алынганы күлкү келтирет. Бул - маселенин саясий жагы. Ал эми укуктук жагынан алсак, шаардык соттун судьяларын ушундай чечимди кабыл алууда эмнени негиз кылганын дагы талдап чыгышы керек».

Азырынча президенттик аппарат, Алмаматовдун адвокаттары бул кырдаалга комментарий бере элек. Дегеле Насирбек Алмаматовдун абактан бошотулушу өтө жашыруун өткөндөй.


Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, 2018-жылы күзүндө кармалган. Алгач Бишкектин Октябрь райондук соту Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Бишкек шаардык соту аны 2019-жылдын июль айында айыпка жыгып, абактан бошотсо, коомчулукка бул жөнүндө үч айдан соң гана белгилүү болгон. Анда журналисттердин бир нече жолку кайрылуусунан соң гана шаардык сот бул өкүмдү ачыкка чыгарууга мажбур болгон.

Коррупцияга айыпталып соттолгон экс-жетекчинин абактан бошоп кеткенине коомчулукта нааразы пикирлер айтылган соң гана Жогорку сот Алмаматов боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бирок ал учурда кылмышка шектүү из жашырып кетүүгө үлгүргөн эле.

Айрым маалыматтар боюнча, Насирбек Алмаматов Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып кеткен. Тактап айтканда, Баткенге барып, ал жактан Тажикстан аркылуу качкан. Буга чейин ушул «маршрутту» мурдагы депутат Аскарбек Шадиев колдонгону белгилүү болгон. Учурда Ички иштер министрлиги Насирбек Алмаматовго эл аралык издөө жарыялаган. Бирок андан майнап чыга элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG