Чынара Келгенбаева балдары менен үч жылдан бери туугандарынын үйүндө жашап келатат. Ал жашаган турак жайга жакын жерде жер көчкү катталгандыктан адистер «кооптуу» деген бүтүм чыгарган. Чынара Келгенбаева өкмөт аларды ара жолдо калтырганын айтты:
«Үч жылдан бери мен башка бирөөнүн үйүндө жашайм. Көчүүгө азыркыга чейин жер тилкесин берише элек. Жыл сайын бизди алаксытып келатат. Жаңы жылга чейин беребиз деген, азыркыга чейин дайыны жок. Бизде ар кандай күмөн ой жаралып жатат. Шарты катаал аймакта жашаганыбыз аз келгенсип, бизден кабар алган жан жок. Эки бөлмөлүү үйдө 11 адам жашап жатабыз».
Жалал-Абад шаарына караштуу Тоо-Кызыл-Суу айылында 44 үй-бүлө бир топ жылдардан бери кооптуу аймакта жашап келатат. Шаардан 70 чакырым алыстыкта, тоо койнунда жайгашкан айылдын да шарты катаал. 1994-жылы аймакта жер көчкү катталгандыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги турак жайларды көчүрүүнү чечкен. Жергиликтүү тургун Элина Анарбаева буларды айтты:
«Элдин көйгөйүн көрүп, жерине барып таанышкан адам жок. Тоо тараптан суу агып, эшиктин алдына чейин келип калган. Мисалы, жер көчкү мен жашаган үйгө 20 метр гана калды. Бир топ жол басып шаарга өзүбүз келебиз. «Жок» деген жоопту угуп кайра кетебиз. Ошентип өзүбүз менен өзүбүз убара болуп эле жүрөбүз. Айылдыктар чогулуп, облус жетекчисине чейин барып, маселебизди айтып кайрылганбыз».
10-февралда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Болот Узакбаев баштаган жергиликтүү жетекчилер айылдыктар менен жолугушуп, аларга көчүү тууралуу кезектеги эскертүү берди. 120 түтүн эли бар Тоо-Кызыл-Суу айылында кышкысын 50 гана үй-бүлө жашап калат. Калгандары жаз алды көчүп барышып, кеч күздө келишет. Узакбаев бир топ адам убагында өкмөттөн жардам алышканын белгиледи:
«Жаз айында болуучу сел, көчкү коркунучуна байланыштуу 10-февралда жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, дагы бир жолу эскертүү берип келдик. Эл «Качан жер тилке берилет?» деп сурап жатат. Бирок алардын ичинен бир тобу буга чейин жер тилке жана каражат алса да биротоло көчүп кетишкен эмес. Баласы көчсө атасы калып, же тескерисинче баласы калып кеткен учурлар бар. Ошондуктан айылдыктар да азыр эки топко бөлүнүп, аксакалдар жер тилке алган соң биротоло үйлөрдү сүрдүрүп таштоо талабын коюшту. Биз да трансформация маселеси чечилип калса, токтомго ушундай кошумча киргизели деп жатабыз».
Жалал-Абад шаар аймагында учурда Тоо-Кызыл-Суу айылы жана Курорт-Подхоз участкасында биригип, 59 үй-бүлөнү коопсуз жайга көчүрүү муктаждыгы жаралууда. Бул багытта жергиликтүү бийлик өкмөткө жолдогон алты гектар жер аянтын которуу (трансформациялоо) маселеси чечиле элек. Болот Узакбаев буларды белгиледи:
«Жер көчкү коркунучу бар аймакта жашаган тургундарды көчүрүү боюнча Тайгараев аймактык башкармалыгына караштуу №5 контурдан 6 гектар жер аянтын которуу маселесинде корутундулар даярдалып, өкмөткө сунушталган. Учурда геологиялык чалгындоо кызматкерлери аймактагы жердин кыртышын изилдеп бериши керек. Азыр шаардагы Курорт-Подхоз участкасында туруктуу жашаган 15 үй-бүлөнүн жашоочулары жер тилкелеринен баш тартып, көчпөй жатышат. Алар «Кырсык болсо эч кимге дооматым жок» деп тилкат жазып беришип, ал мамлекеттик нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн».
Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 1760 көчкү жүрүүчү аймактын 541и калктуу конуштарга жакын аралыкта жайгашкан. Мындан улам 1500гө чукул үй-бүлө бир топ жылдардан бери кооптуу аймакта кала берүүдө. Алардын 400дөн ашыгы азыркыга чейин жардам алыша элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Мырзабек Токтосунов көчкүсү келбеген тургундардын иши сотто каралып жатканын айтты.
«Кооптуу аймакта жашап жаткан тургундарды көчүрүү боюнча январь айынан тартып иштер жүрүп жатат. Бул багытта облустук деңгээлде жыйын өтүп, жергиликтүү бийликке атайын эскертмелер берилди. Өкмөттүн 271-токтомуна ылайык кооптуу аймакта жашаган жашоочуларды көчүрүү милдети жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Облус боюнча 117 үй-бүлөнү мажбурлап көчүрүү боюнча сотко өтүнүч келтирилген. Анын негизинде Ноокен районундагы 14 үй соттун чечими менен өткөн жылы көчүрүлдү».
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 4 732 үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт. Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок дагы деле кооптуу аймактарда жашап жатат.
2017-жылдан тартып мүлктү камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык, ссуда берүү токтотулган. Жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймактар негизинен Ош, Жалал-Абад облустарында жайгашкан.