Укук коргоочулар кыз-келиндерге көбүрөөк укуктук билим берүү зарыл экенин айтышат.
18-25 жаш курактагы чогулган кыздардын бүгүн 4-сабагы. Алар бул жолу чыр-чатак тууралуу маалымат алып, аны жайгаруунун жолдорун өздөштүрүп жатышат. Мээрим Советбекова - мектептин мугалими. 22 жаштагы педагог үй-бүлөдөгү эркек-аялдын орду, адеп-ахлак нормалары тууралуу окутуудан кеңири түшүнүк алып жатканын айтты:
«Эн негизгиси - мен сабактан үй-бүлөдөгү аялдын орду жана аткарган кызматы боюнча бир топ маалыматтарды алдым. Биз, аялдар, дайыма аяр жана назик болушубуз керек экен. Ар бир аял эркектин алдында назик болуп турса кор болбойт деп билдим. Эркиндик - бул өзүң билген нерсени жасоо эмес. Аял кишинин жан-дүйнөсүндө эркиндик болушу керек».
Окутууну Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана «Ыйык Ата-Журт» коомдук жаштар фонду чогуу уюштурууда. «Мен - жаш үй-бүлө» аттуу окутууда эркектер жана кыздар үчүн өзүнчө сабактар каралган. Бирок иш-чарага үй-бүлө куруу алдында турган жигиттер катталган эмес. Жаштар иштери боюнча комитеттин башкы адиси Ороз Абдылдаев мындай деди:
«Коомдо эң актуалдуу маселелердин бири жаш үй-бүлөлөрдөгү ажырашуу болуп жатат. Ошондуктан биз бул долбоор аркылуу үй-бүлө куруунун босогосунда турган жаштарга туура кеп-кеңештерди жана маалыматтарды берүү менен ажырашуунун алдын алабыз деген максаттабыз. Анткени кыздар адис менен бирге үй-бүлөдөгү бардык жагдайдагы маселелерди ушул жерде кеңири талкуулашат. Окутууга 20дай кызды тандап алдык. Сабактарды да эркектерди аралаштырбай өзүнчө өтүү каралган, кыздар өз маселелерин өз ара талкууласын деген ой менен. Ал эми эркектер негедир окутууга катышууну каалашкан жок. Эгерде ушул окутуудан кийин кыздар үй-бүлө курган соң өзүнө тың болуп, андан ары улап кетсе биз үчүн сыймык болот».
Кыздарга сабактар ар жуманын бейшемби күнү түштөн кийин өтүлүп жатат. Өткөн айда башталган акысыз окутуу март айынын этегинде аяктайт. Долбоордо негизинен үй-бүлө куруу алдында турган жигиттер жана кыздар үчүн таанышуу маданиятынан тартып, жубайлардын бири-бирине болгон мамилелери, бала багып чонойтуп, аларды турмушка узатууга чейинки кадамдар үйрөтүлөт. Кыздардын окутуучусу Жазгүл Жунусбаева сабактарынын көпчүлүгү психология жана дин жаатына байланыштуу экенин билдирди:
«Менин окуу программам 8 саатты түзөт жана ар кыл темалар камтылган. Биринчи сабак эркек менен аялдын үй-бүлөдөгү орду боюнча болсо, калгандары биздин аң-сезимибизге, адаттарыбыздын калыптанышына байланыштуу сабактар. Эмоциялар жөнүндө да окутуу болду. Бүгүн болсо чатак жана анын чечүүнүн жолдору тууралуу айтып берип жатам. Негизинен бул психологиялык сабак, бирок дин темасы да сөзсүз камтылып кетет».
Адистер кийинки жылдары үй-бүлөлүк зомбулук фактылары арбып баратканын айтышууда. 2019-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.
Айрым адистер үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, ажырашууну азайтыш үчүн кыз-келиндердин биринчи иретте укуктук маданиятын көтөрүш керек деген пикирде. «Ариет» аялдарды коргоо борборунун жетекчиси Гүлмайрам Аттокурова бул боюнча өз оюн ортого салды:
«Учурда кыз-келиндер эң негизгиси өз укугун коргой билиш керек. Анын укугу бузулганда кимге кайрыла алат? Мен бүгүн «кыз-келиндерге милдетин үйрөтүш керек, ошолорду билбегендиктен ажырашуу жана зомбулук көбөйүп жатат» дегенге такыр каршымын. Анткени бир үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун кесепетин экинчи үй-бүлөгө теңегенге болбойт. Биз деген дүйнөбий өлкөбүз, бул Баш мыйзамда даана жазылган. Азыр окуу жайларында жана мектептерде кыздарга укугу бузулса, эң биринчи кайсы жакка кайрылыш керек деген нерсени үйрөтүш керек. Ошондой эле жаштарга зордук-зомбулуктан жапа чеккен адамдарга кам көрүүнү үйрөтүшүбүз зарыл. Мисалы, токмоктолуп жаткан кемпирди, зордукталган кыздарды көрүп кээде өздөрүн айыптуу кылып жатышат. Мектепке кыздардын барып келиши да азыр кооптуу болуп калды. Ошондуктан кыздарды да эч нерсеге кайдыгер карабаганга тарбиялашыбыз керек».
Маалыматтарга караганда, Кыргызстанда акыркы жылдары ажырашкан үй-бүлөлөрдүн катары калыңдаган. Статистикага ылайык, 2018-жылы өлкөдө 10 миңден ашык үй-бүлө ажырашкан. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жашайт.