Бишкек шаардык соту мурдагы мэрлер Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов боюнча ишти 7-февралда карай баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» алардын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Адвокаттын айтымында, апелляциялык арыз менен шаардык сотко мамлекеттик айыптоочу тарап да, соттолуучулар да кайрылган.
«Мен ал өкүм негизсиз жана мыйзамсыз экенине толук ишенем. Эч ким эч нерсе уурдаган, алган эмес. Мындай айыптоо сотто далил тапкан жок», - деди Слесарев.
2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга кесип, Кулматовду 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон.
Алар «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталган.
Экөө тең 2018-жылдын жайынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Алар күнөөсү жок экенин, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жакын мамиледе болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жүрүшөт. (RK)