Ливиядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Берлин саммитинин катышуучулары аталган түндүк африкалык өлкөгө курал жеткирүүгө тыюу салууну макулдашты.
Германиянын канцлери Ангела Меркел 19-январда Берлинде өткөн эл аралык конференциянын жыйынтыгын чыгарып жатып, маселени тынч жол менен чечүүдө «олуттуу жылыш» болгонун билдирди.
Саммиттин катышуучулары Ливияга аскердик жактан көмөк көрсөтүүнү токтотууга макулдашты. Документке 16 өлкөнүн жана уюмдардын өкүлдөрү кол койду. Алар узакка созулуп кеткен жаңжал аскердик жол менен чечилбей турганын белгилешти.
Германия өкмөтүнүн башчысы Берлин конференциясы «узак процесстеги алгачкы гана кадам» экенин белгиледи. Жакын арада Ливияда узак мөөнөттүү элдешүү жараяны боюнча сүйлөшүүлөр өтөт.
ТАСС агентиги Орусия Германиядагы конференциянын жыйынтыгын оң баалаганы менен айрым маселелерде кайчы пикирлер бар экенин кабарлады. 19-январда Берлин шаарында Ливиядагы жаңжалды жөнгө салууга арналган эл аралык жыйын өттү. Жыйындын башкы максаты - аталган өлкөдө узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүү. Ага чатакташып жаткан башкы топтордун лидерлери - Ливия өкмөтүнүн башчысы катары эл аралык коомчулук тарабынан таанылган Фаиз Сарраж жана Ливия улуттук армиясы деп аталган күчтүн командачысы Халифа Хафтар чакырылган. Берлинге ошондой эле Түркиянын жана Орусиянын президенттери Режеп Тайып Эрдоган жана Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео келди.
Ливияда 2011-жылы өлкөнү ондогон жылдар бою башкарган Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери түрдүү куралдуу топтордун ортосунда ич ара чыр-чатак тынчыбай келатат. Негизги тирешүү БУУ тааныган Улуттук биримдик өкмөтү менен генерал Халифа Хафтар баш ийген парламенттин ортосунда жүрүп жатат.