Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Канатбек Азиз Жогорку аттестациялык комиссиядагы кызматынан бошотулду


Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

Канатбек Азиз берген арызына ылайык Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басарлыгынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы юристи, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз бул кызматка 2019-жылы июнь айында келген.

Өкмөт башчынын башка буйругуна ылайык, Саткынай Насбекова Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Жогорку аттестациялык комиссия - өлкөдөгү илимий даражаларды текшерип, ыйгаруучу орган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 800дөн ашуун илимдин доктору, үч миңден ашуун кандидат бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG