Ысык-Көлдүн Каракол шаарында 33 жаштагы аялга күйөөсү бензин чачып өрт койгон. Денеси күйгөн келин учурда облустук ооруканада дарыланып жатат. Ысык-Көл облустук милициясы кабарлагандай, окуя 4-январда болгон. Анда Караколдун Торгоев көчөсүндөгү кафенин жанында Б.С. аттуу аялга аны менен жарандык никеде жашаган адам бензин чачып өрт койгон. Бул окуя боюнча «Кылмышка аракеттенүү» беренеси боюнча иш козголуп, кылмышка шектүү эки айга камакка алынды. Учурда тергөө жүрүп жатат.
Облустук оорукананын өкүлдөрү күйөөсү өрт койгон келиндин абалы турукташканын, бети, колдору жана буттары күйүп калганын кабарлашты. Дарыгерлердин айтымында, эки колундагы манжаларынын териси катуу күйгөндүктөн аны алмаштырууга туура келиши мүмкүн.
Жаңы жылдан бери Баткен жана Нарын облустарында күйөөсүнүн ур-токмогунан 26 жана 36 жаштагы эки келин көз жумган. Бул окуялар коомчулукта талкууланып, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча чакырыктар айтылган.
Бүгүн бул маселе боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү таратып, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жазаны күчөтүүнү сунуш кылды. (KS/BkA)