Алымбаева: Өкмөт айткан насыясын берген жок
"Аселим" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Асел Алымбаева өкмөттөн бөлүнчү жеңилдетилген насыяны ала албай койгонуна даттанды. 2019-жылдын башында өкмөт аймактардагы инвестициялык бизнес долбоорлорду каржылоого 2 млрд. сом бөлгөн. Бир айча мурдараак 30 долбоор тандалып алынып, аларга 538,3 млн. сом берилери кабарланган. Ушу кезге чейин анын канчасы акчаны колуна алганы белгисиз.