Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:37

Жээнбеков: Аймактарды өнүктүрүү үчүн негизги шарттар түзүлдү


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстанда аймактарды өнүктүрүү үчүн негизги шарттар түзүлдү. Бул тууралуу мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте жылдын жыйынтыгын чыгарган пресс-конференцияда билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, аймактарды каржылоо кескин түрдө жогорулатылды.

“Мөөнөтүм бүткөнчө бардык муктаж айылдар таза суу менен камсыз болот” деди Жээнбеков.

Эки жылдык ишинин жыйынтыгы тууралуу айтып жатып президент “Коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон тышкы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш жана сот-укуктук реформа багытында пландарды ишке ашыруу менен алек болдум” деп белгиледи.

- Евразия өнүктүрүү фонду менен 200 миллион долларга меморандумга кол коюлду, мындан тышкары Кытайдан 100 миллион доллар грант алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштин биринчи этабы аяктады. Ага өзүм таанышып келдим. Андан соң Үч-Коргон, Ат-Башы ГЭСтери оңдолот. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолунун курулушу 70 пайызга бүттү, жалпы эки жылда 800 чакырым жол оңдолду. Инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аракеттер көрүлдү. Текшерүүлөргө эки жылдык мораторий киргизилди. Сырттан келген инвестиция 67 пайызга өстү, анын 60 пайызы аймактарга келди, - деди Жээнбеков.

Президенттин быйылкы жылдын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынына катышууга 92 жалпыга маалымдоо каражатынан 188 журналист аккредитациядан өткөнү кабарланган. Алардын ичинен 160ы жергиликтүү, 15и чет элдик журналисттер. (BkA)

XS
SM
MD
LG