Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Болот Шамшиевдин сөөгү “Ала-Арчага” коюлду


Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу жөрөлгөсү 24-декабрда Опера жана балет театрында болду. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, коомдук, маданий ишмерлер жана маркумдун жакындары катышты.

Өнөрпоздун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. Жерге берүү расмисине президент Сооронбай Жээнбеков да катышып, куран окуду. Мунун алдында мамлекет башчы Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдогон.

Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.

Атактуу режиссер 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында акын жана журналист Төлөн Шамшиевдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Орто мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Бүткүл союздук кинематография институтуна окууга өтүп, 1964-жылы окуу жайды аяктап кинорежиссер кесибине ээ болгон.

Кыргыз-совет кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да иштеп, 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, 1998-жылы туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар" жана башка көркөм тасмаларды тарткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG