Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:48

Алыш: Дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары беш алтын байге алды


Алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлорү дүйнө чемпионатында. 23-декабрь, 2019-ж. Нур-Султан, Казакстан.
Алыш бел боо күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлорү дүйнө чемпионатында. 23-декабрь, 2019-ж. Нур-Султан, Казакстан.

Казакстандын Нур-Султан шаарында кечээ, 23-декабрда жыйынтыкталган алыш бел боо күрөшү боюна дүйнө чемпионатында Кыргызстандын балбандары беш алтын, бир коло байгеге ээ болду.

Спорттун аталган түрү боюнча Кыргызстандын федерациясынын башкы катчысы Белек Үсөнбековдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда мелдешке 27 өлкөдөн 275 спортчу катышып, кыз-келиндер жана эркектер арасында алтыдан салмакта байгелер ойнотулду.

Алтын байгелерди Кыргыз спортчуларынан эркектер арасында Марлен Абдрасулов (60 кг.), Элдияр Сексенбаев (70 кг.), Орозбек Аширов (100 кг.), кыз-келиндер арасында Анара Рыскулова (55 кг.) жана Мээрим Момунова (60 кг.) алса, Нагира Сарбашова (+75 кг.) коло байгеге ээ болду.

Командалык эсепте Кыргызстандын Алыш бел боо күрөшү боюнча эркектер арасында улуттук курама командасы 1-орунду ээледи. 2-орунду Иран, 3-орунду Монголия алды.

Кыз-келиндер арасында командалык эсепте Иран көч башын жетектесе, Кыргызстан 2-орунду, Казакстан 3-орунду алды.

Алыш бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюму тарабынан уюштурулуп, бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында өттү. Бул дүйнө чемпионатында Алыш бел боо күрөшүнөн сырткары казак күрөшү боюнча кыз-келиндер жана эркектер арасында алтыдан салмакта дүйнө чемпионатынын байге ээлери аныкталды.

Таймаштар 21-22-декабрь күндөрү өтүп, ага кыз-келиндер арасында 15 өлкөдөн 42 спортчу катышса, эркектер арасында 25 өлкөдөн 89 балбан күч сынашты. Мелдеш жыйынтыгында кыргызстандык балбандар бир алтын, эки күмүш жана эки коло байгеге ээ болгон. 100 кг. салмактан жогоркулар арасында килемге чыккан Тилек Куралов дүйнө чемпиону аталса, күмүш байгелерге кыз-келиндер арасындагы таймашта Анара Рыскулова (55 кг.) жана Мээрим Момунова (60 кг.) ээ болушту. Коло байгелерди эркектер арасында Нурислам Идрисов (90 кг.) жана кыз-келиндер арасында таймашта Нагира Сарбашова (+75 кг.) алды. (ECh/SDz)

XS
SM
MD
LG