Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:03

Кой-Таш окуясы: комиссиянын корутундусу


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын жактырды

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келди. Муну комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров 12-декабрда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын корутундусу талкууланып жаткан жыйында ал комиссия Атамбаев президент болуп турган кезинде жасаган кылмыштары үчүн жазаланарын түшүнүп Конституцияны жана мыйзамдарды тоготпой, аймак аралык карама-каршылыкка шыкак берген деп тапканын айтты:

- Ал массалык башаламандык, талап-тоноо менен коштолгон аракеттер аркылуу бийликти күч менен алууну пландаган. 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш окуяларына болгон жоопкерчилик толугу менен Атамбаев менен анын тарапташтарында.

Комиссия Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК), Ички иштер министрлиги (ИИМ) Атамбаевди суракка күч менен алып келүү боюнча иште ката кетиргенине карабастан, алардын ишин мыйзамдуу деп тапты.

Комиссия өз корутундусунда Жогорку Кеңешке Алмазбек Атамбаев мыйзамдарды тоготпой бийликти күч менен басып алууга аракет кылганына жана ага катышкан тарапташтары, депутаттар Ирина Карамушкинага, Мурадыл Мадеминовго, Асел Кодурановага, Карамат Орозовага жана Анвар Артыковго саясий баа берүүнү сунуш кылды.

Ал эми өкмөткө УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерди жоюудагы кетирген кемчиликтери, Атамбаевди суракка алып келүү боюнча тергөөнүн тапшырмасын талаптагыдай аткарбаганы үчүн, ИИМдин кызматкери Кой-Таштагы кырдаалды жөнгө салуудагы аракети талаптагыдай болбогону үчүн алардын иш-аракетине баа берүү сунушталды.

Шайназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары аймак аралык кастыкты козутуп, бийликти кетирүү талабы менен коомдук-саясий абалды курчутууга аракет кылышканын айтты:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

- 2019-жылдын июнь айынан тартып радикалдуу иштерди кылуу менен коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун бузууга аракет кылган. Анын ичинде аймак аралык кастыктын отун жагышты. Кой-Таштагы үйүндө Атамбаевди коргоо штабын түзүп, УКМКнын маалыматы боюнча анын үйүндө белгилүү сандагы тарапташтары дайыма болушун чечишкен. Күнүнө үч жолу тамактануу жана акча каражатын төлөп берүү уюштурулган.

Комиссия Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековго ачык кысым көрсөтүү менен ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, анын орун басарлары Болот Сүйүнбаев, Дамир Мусакеев, ички иштер министри (ИИМ) Улан Исраилов жана ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева аркылуу бийликке таасир этүүнү көздөгөн деп эсептейт.

Сөз болуп жаткан окуялар адам өлүмү менен коштолгону белгилүү. Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссия «Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчыларынын огунан курман болгон» деп тапты.

- «Альфанын» кызматкерлери оор калкандары менен коргонуп, үйдүн темир торлорун бузуу ишин улантып жатканда Атамбаев жана анын жансакчылары «Альфа» кызматкерлерин токтотуш үчүн 3-кабатта атайын даярдалган орундан ок атып, үч адамды жарадар кылышкан. Анын ичинде «Альфанын» жетекчисинин орун басары, полковник Ниязбеков октон жарадар болуп, ооруканада жан берген. «Альфа» кызматкерлерине ок атуудан улам алардын үчүнчү кабатка кириши жана Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү боюнча планды ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес, - деди Шайназаров.

Депутаттын маалыматына караганда, Атамбаевдин тарапташтары массалык башаламандык уюштуруп, «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерлерин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн сүрүп чыгарышкан. УКМКнын айрым кызматкерлери чыгып кетип, калгандары чогулгандардын колуна түшүп калган.

«Атамбаевдин тарапташтары алардын формасын, куралдарын тартып алып уруп-согуп, алтоону барымтага алышкан. Буга карабастан «Альфанын» кызматкерлери курмандыктарга жол бербеш үчүн ок атуучу куралдарды колдонушкан эмес. Кагылышуу учурунда Атамбаевдин тарапташтары 14 АК-74 автоматын, 1680 огун, 18 помпалык куралды, 15 тапанчаны жана анын 435 огун тартып алышканы аныкталган», - деп айтылат билдирүүдө.

Кой-Таш окуясында жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар.

Каршы пикирлер

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилиги камтылбай калганын сынга алды.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Корутунду калыс эмес, «Ксы» түшүп калган алыс корутунду болуптур. Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек болчу. Ушундай корутундуга ким ишенет? Таяктын эки, адамдын бир эле башы болот да. Жок дегенде күч органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин жазып койбойсуңарбы?! Ошончолук эркиңер болсо, - деди Момбеков.

Ага жооп катары Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров «күч органдарынын жетекчилерин биз карай албайбыз» деп билдирди. Ошондой эле алардын жоокерчилиги боюнча өкмөткө тапшырма берилип жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовдун пикирин укпаганын билдирди. Ал 12-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып Атамбаевдин тарапташтары комиссиянын бүтүмүн тааныбай турганын кошумчалады.

Асел Кодуранова.
Асел Кодуранова.

- Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов «комиссияга барып маалымат беребиз» дегенде комиссия аны четке какты. Ошондо эмнеден корктуңар, билбейм. Бирок тарых үчүн деле угуп койсоңор болмок, - деди ал.

Буга чейин Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) да билдирүү таратып, 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны «ойдон чыгарылган коркутундуну айтып, учурдагы бийликтин саясый каталарын жана кылмыштарын калкалаш үчүн кызмат кылууда» деп айыптаган.

«Биздин байкоо көрсөткөндөй, «дүжүр комиссия» күч органдарынын каталарын калкалап, мыйзамсыз чабуул коюуну жана тынч жарандарга зомбулук көрсөтүүнү, ошондой эле экс-президент Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын үстүнөн болуп жаткан сотторду мыйзамдаштырыш үчүн гана түзүлгөн. Комиссия иш жүзүндө өзүнө тергөөнүн функцияларын энчилеп алган», деп айтылат кайрылууда.

Талкуунун жыйынтыгында айрым депутаттардан келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен токтом кабыл алынды. 91 депутат «макул», эки депутат «каршы» деп добуш берди.

Ошону менен бирге өкмөткө, тийиштүү укук коргоо органдарына мамлекеттик комиссиянын корутундусунда камтылган фактыларды текшерүү жана чара көрүү тапшырылды.

Ушул жылдын 7-августунда УКМКнын кызматкерлери Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Биринчи операция ийгиликсиз аяктап, «Альфанын» алты кызматкери барымтада калган. 8-августта Атамбаевди кармоо боюнча экинчи операция болуп, аны ИИМ ишке ашырды. Анда Атамбаев жана анын тарапташтары өз эрки менен колго түшүп беришкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG