Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Комиссия: Атамбаев менен тарапташтары абалды курчутууга аракет кылышкан


Комиссиянын катышуучулары.
Комиссиянын катышуучулары.

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулай баштады. Учурда комиссиянын корутундусу боюнча парламент депутаты Тынчтык Шайназаров баяндама жасап жатат. Анда Шайназаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары аймак аралык кастыкты козутуп, бийликти кетирүү талабы менен коомдук-саясий абалды курчутууга аракет кылышканын айтты:

- 2019-жылдын июнь айынан тартып радикалдуу иштерди кылуу менен коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун бузууга аракет кылган. Анын ичинде аймак аралык кастыктын отун жагышты. Кой-Таштагы үйүндө Атамбаевди коргоо штабын түзүп, УКМКнын маалыматы боюнча анын үйүндө белгилүү сандагы тарапташтары дайыма болушун чечишкен. Күнүнө үч жолу тамактануу жана акча каражатын төлөп берүү уюштурулган.

Буга чейин Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) билдирүү таратып, 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссияны «ойдон чыгарылган коркутундуну айтып, учурдагы бийликтин саясый каталарын жана кылмыштарын калкалаш үчүн кызмат кылууда» деп айыптаган.

«Биздин байкоо көрсөткөндөй, «дүжүр комиссия» күч органдарынын каталарын калкалап, мыйзамсыз чабуул коюуну жана тынч жарандарга зомбулук көрсөтүүнү, ошондой эле экс-президент Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын үстүнөн болуп жаткан сотторду мыйзамдаштырыш үчүн гана түзүлгөн. Комиссия иш жүзүндө өзүнө тергөөнүн функцияларын энчилеп алган», деп айтылат кайрылууда. (TSh)

XS
SM
MD
LG