Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?
«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Темиркул Эшенкулов жиберген сунуш.
Ар бир коомдук-экономикалык формациянын өздөрүнө ылайыкталган саясий, социалдык жана экономикалык «оорулары» болот. Мындай кеселден бир да коом, системалар, түзүлүштөр (уруктук, уруучулдук, көчмөндүк), империялар, мамлекеттер толук арыла алган эмес.
Керек болсо, бул И.В.Сталиндин, Н.С.Хрущевдин, Л.И.Брежневдин (өтө катуу өркүндөгөн түрүнүн доору), Ю.В.Андроповдун, К.У.Черненконун жана М.С.Горбачевдун доорлорунда да болуп, бир гана И.В.Сталиндин анда-санда аралашып кеткени болбосо, калгандары чыланып калышканы кашкайган чындык.
Бул коомдук илдет ар бир системага, революцияга жана төңкөрүшкө ылдам ыңгайлашып, хамелеон сымал түстөрүн жана спектрлерин ар кубултуп, жагынуучулук, кошоматчылык, күн карамалык, өң карамалык, маскарапоздук жана оп тартмалык саясаттарын уланта беришет экен.
Коррупция деген эмне? Бул суроого профессор Айылчы Сарыбаев А.Акаевдин, К.Бакиевдин, Р.Отунбаевнын, А.Атамбаевдин доорлорунда массалык маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүп айта берүүдөн тажап бүткөн окшоду. Муну кайталоодон өкмөттүн ар кыл баскычтагы өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана аларга кошулуп президенттер да үндөрү кардыкканча жана тамактары айрылганча жарыя кылып келишүүдө. Бул – коомчулуктун назарын башка нукка бурууга жана саясий-социалдык чыңалууну басаңдатууга болгон куру далалат экендигин ар бир адам айкын баамдап эле турат.
Коррупция туурасындагы «татыктуу жоопту» К.Конгантиев (ЖК депутаты, КР прокурору, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү) берген. Убара болбой эле төмөнкүлөрдү (Ожегов С.И. Словарь русского языка. М., 1986; Словарь иностранных слов. М., 1987 ж.б., ошолордун Интернетти караганга да убактысы жок болду; тилекке каршы бул термин КСЭнин 3-томуна кирген эмес, Фрунзе, 1978) караса эле түшүнүктүү болмок.
Эгемендүү Кыргызстан реформа менен оозанып келе жатканына 30 жыл болуп баратат. Ал жалпы чарбанын кайсы тармактарында жүзөгө ашты? Ар бир жаңы келген бийлик жана анын структуралык өкүлдөрү мурдагыларын шыбай бергенден мүйүз чыккан жок. Бул коомдун өнөкөт оорусуна айланып бараткандай.
Революция (мисалы, Франция; буга жарандык согушу кошулуп кеткен Орусия, Грузия, Тажикстан…) жолу менен эмес, реформа жүргүзүү жолу менен Германия, Жапония, Түштүк Корея, Кытай (өткөн кылымдын 60-70-жылдарында маданий революцияны башынан кечирген) жана башка өлкөлөр зор ийгиликтерге жетишти жана өркүндөп жатат.
Кыргызстандагы эки революция (2005 жана 2010; аты эле революция, эмгиче тарыхый жана саясий баасын алалбай жатат) максатына, көздөгөнүнө жана ийгилигине жете албай, алар өздөрүнүн саясий, экономикалык, социалдык, жердешчилик, уруучулдук жана куда-сөөктүк хамелеондорун тапты.
Мында саясий-экономикалык удаалаштык өз заманынын «пилдерин, бегемотторун, кериктерин (носорогдорун), жирафтарын, карышкырларын, крокодилдерин, питондорун, удавдарын, анакондаларын, карышкырларын, чөөлөрүн» жаратып, коомду алагды кылып туруучу «сагызгандарына, кузгундарына, жоруларына жана каргаларына» ээ болуп, «айдактамалардын, ээрчимелердин, жетеленмелердин» ар кыл чөлкөмдүк взводун, ротасын жана полкун түзүп алып, коомдун саясий жактан чыңалышына дирижёр болуп алышат. Бул алардын жан сактоосунун эң мыкты ыкмасы. Алардын ОБОНчулары (отряд баб особого назначения) жана ООНу (организация освобожденных начальников) да бир топ. Аталгандардын кимдерге кызмат кылары белгилүү эмеспи.
Элибиздин бир топ макал-лакаптары коррупцияны айкын чагылдырып турат. Алар: «Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман», «Карышкырга кой кайтартып», «Кой терисин жамынгандар», «Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат», «Жебеген жердин астында» ж.б. бетибизге кармасак, Ала-Тоо жергеси «качанаактардын» (А.Акаев, К.Бакиев, Ж.Бакиев, О.Бакиев, М.Бакиев, С.Балкыбеков, К.Исаев, А.Шадиев, Д.Үсөнов, Ю.Тойчубеков…; аталгандардын алдым-жуттумдугу кайсы макалдар менен үндөшүп турганын ар ким айттырбай билеттир) өлкөсү болуп калды. Аталгандардын бардыгы Жогорку Кеңеште эл көзүнчө ант бергендер болуп саналат.
«Манас» эпосу – улуттук идеологиянын негизи жана уңгусу. Ал эми «Эр Төштүк», «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Табылды», «Олжобай менен Кишимжан» жана башкалар улуу эпостун морфологиялык бөлүктөрү болуп саналат. «Манас» эпосундагы «Абыке-Көбөш (алты арам)» жана «Көзкамандар» окуялары (Мусаев С.М. Манас. Кара сөз варианты. Фрунзе, 1986; Манас. Энциклопедия. 2 томдук. Бишкек, 1995) жогоруда айтылган макалдардын нака жообу – коррупциянын тарыхый мисалы болуп жатпайбы.
Биз бул жана тигил өлкөлөрдөн таалим албастан, алардын жана кошуналардын (Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, экинчи тартиптегиси – Орусия жана Түркмөнстан) тажырыйбаларын окуп-үйрөнүп (изучение), «Кеңешип кескен бармак оорубайт» жана «Жети өлчөп, бир кес» деген макалдарды эске алып, Ала-Тоо жергесине ылайыкталган реформанын суусун, тузун жана боёгун, ачыткысын кошуп, кымыз жыттантып Кыргызстандын кыйырына жеткирүү зарыл.
Илимий дараметке негизденип жана таянып, аны жетекчиликке алуу менен Конституцияга тиешелүү өзгөртүү киргизүү менен сот жөнүндөгү, прокуратура жөнүндөгү, милиция жөнүндөгү, коопсуздук кызматы жөнүндөгү, салык жана салыкчылар жөнүндөгү, финансылык полиция жөнүндөгү, саламаттыкты сактоо жөнүндөгү, депутаттар жөнүндөгү мыйзамдарга күчөтүлгөн беренелер жана пункттар киргизилип, алар Жазык жөнүндөгү, Жоруктар жөнүндөгү, Жарандык жана Администрациялык кодекстерде өз ордуларын табышы керек. Мисалы, адамды уурдаган жана саткан адамдарга өтө катуу жаза чегерилиши эл мүдөөсүнө ылайык келет.
Жогоруда көрсөтүлгөндөр боюнча сот жообуна тартылган адамдарга мунапыс (амнистия) каралбастан, алар өз жазасын 10, 15, 20, 25 жана 30 жыл өтөп, ашынып кеткендери өлүм жазасына кириптер (мындай АКШда, Орусияда, Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. өлкөлөрдө бар; Кытайды айтпай эле коёлу) кылынышы керек.
Уурдаган байлыгы конфискацияга тушугуп, мамлекетке кайтарылып, же болбосо өз ээсине тапшырылат (мүлктүн өзү, же акчалай чегерилген суммасы). Маселени «Чубактын кунундай чубалжытпай» эзелтен кан-жаныбызга сиңип калган, эл оозунда жана адабий көркөм чыгармаларда жолугуп жүргөн «тогуздап, токсондоп, тогуз жүздөп» айып салмайга урук-туугандарын кошуп төлөтүүнүн мыйзамдуу жагын караштыруу зарыл болуп тургансыйт.
Жазалоонун мындай түрүнүн элдик ыкмасы айрым кылмыштар үчүн Чечен Республикасында колдонулуп жатпайбы.
Эч кандай жоопкерчилиги жок Жогорку Кеңештин партиялык тизме боюнча шайлануусун жокко чыгарып, бир мандаттык укук менен ар бир райондон жана шаардан (кичине шаарлардын кереги жок) шайланганда гана депутат өз округуна жоопкер болот. Ошондой эле жалпы элдик отчёттуулуктан (айыл, район, шаар, облус) сот, прокуратура, милиция, салык, саламаттык сактоо жана башка органдардын өкүлдөрү жана депутаттар өтүшү милдеттендирилиши зарыл.
Темиркул Эшенкулов
(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.