Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:58

Авазбек Аманбеков кикбоксингден дүйнө чемпиону болду


Авазбек Аманбеков беттеш учурунда.
Авазбек Аманбеков беттеш учурунда.

Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кикбоксинг федерациясы кабарлады.

Анын маалыматына ылайык, кикбоксингдин WAKO версиясы боюнча дүйнө чемпионаты 27-ноябрдан 1-декабрга чейин Түркиянын Анталия шаарында өттү. Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейин салмакта күч сынашып, финалда түркмөнстандык Пыгы Сылабовду жеңип, дүйнө чемпиону атыкты.

Аманбеков мелдешти чейрек финалдан баштап, алгач мавританиялык Мишел Баулук Фабристи, жарым финалда марокколук Хая Аюбду жеңген.

Авазбек Аманбеков өткөн айда кикбоксингдин лоу-кик түрүнөн дүйнө чемпиондугун утту. Ал ушул эле версияда 2013-жылы да алтын байге уткан. Андан сырткары Авазбек Аманбеков 2017-жылы Түркмөнстандын борбору Ашхабадда өткөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында да чемпион болгон. (GT)

XS
SM
MD
LG