Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

Жээнбеков менен Рахмон чек ара маселесин талкуулашты


Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков.
Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Эки өлкө лидери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кызматташтыкты бекемдөө туурасында сүйлөшкөн.

27-ноябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргызстанга келген.

«Тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм катары сыпатталган ЖККУга Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан мүчө. 2019-жылы уюмга Кыргызстан төрагалык кылды. Жыйын 28-ноябрда өтөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG