Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

AI: Лахордо булганыч аба коркунучтуу чекке жетти


Лахор - дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаар.
Лахор - дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаар.

«Amnesty International»эл аралык уюму 10 миллиондон ашык эл жашаган Пакистандын экинчи чоң шаары Лахордо булганыч аба «ар бир тургундун өмүрүнө коркунуч туудурган абалга жеткенин» эскертти. Ал өлкө бийлигин шаарды түтүндөн арылтуу боюнча чукул чара көрүүгө чакырды.

Уюм тараткан билдирүүдө «өкмөттүн буга байланыштуу чара көрбөй жатканы адам укугу жаатындагы олуттуу маселеге айланганы» айтылат.

Пенжаб провинциясынын борбору Лахор дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаар болуп эсептелет. Түтүн каптап, эң опурталдуу абалга жеткен маал октябрь айынан февралга чейин созулат.

Лахордогу жергиликтүү бийлик 22-ноябрда булганыч абанын көрсөткүчү 598ге жеткендиктен ата-энелерди бала-чакасын мектепке жөнөтпөөгө чакырды.

Уюмдун маалыматы боюнча, эгер бул көрсөткүч 100дөн ашса, адам саламаттыгы үчүн зыян деп эсептелет, ал эми 300дөн көп болсо анда киши өмүрүнө опурталдуу катары каралат.

Лахордон сырткары Карачи, Пешевар өңдүү шаарларда да булганга абага байланыштуу маселе бар. «The Lancet» медициналык басылмасына ылайык, Пакистанда жыл сайын 310 миңден ашуун адам булганган абанын айынан пайда болгон илдеттерден ажал табат.

XS
SM
MD
LG