Мектеп курулбаган конушта балдар кыйналат
Бишкектин Мурас-Ордо жаңы конушундагы мектептин курулушу бүтпөй турат. Долборлоо иштери 2015-жылы башталган. План боюнча пайдаланууга 2019-жылы берилмек. Бирок ушул тапта 550 орундуу мектептин каркасы гана турат. Качан бүтөрү белгисиз. Мындан улам коңуштагы миңден ашык бала коңшу Озерное мектебинде бир партада үч-төрттөн отуруп, окуусун улантууга аргасыз.