Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Гонконгдо студенттер акциясын улантып жатышат


Гонконгдун борбордук бөлүгү. 15-ноябрь, 2019-жыл.
Гонконгдун борбордук бөлүгү. 15-ноябрь, 2019-жыл.

Гонконгдо демонстранттар Политехникалык университеттин имаратын ээлеп алышты. Миңдеген студент полициянын жолун тороп, окуу жайдын айланасына кирпичтер менен тосмолорду тургузушту. Полиция демонстранттар аларды көздөй жаа менен атышканын, жабыркагандар азырынча жок экенин билдирди. Нааразылык акциясынын катышуучулары ошондой эле шаардагы кан жолдордун бирин тороп салышты.

Гонконгдо каршылык акцияларынын жаңы толкуну 8-ноябрдагы тоз-тополоңдо 22 жаштагы студент оор жарадар болуп, каза тапкандан кийин курчуп кеткен.

Шаарда бир канча айдан бери миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка - кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору сунушталганы негиз болгон.

Демонстранттар жергиликтүү администрация башчысынын кызматтан кетишин, шаарда демократиялык баалуулуктар сакталышын, полициянын зордук-зомбулугу иликтенишин талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG