Алар музейдин ичин реконструкциялоодо мурда иштелип чыккан концепция четке кагылып, музейдин ичин оңдоп-түзөгөн германиялык компания музейдин концепциясына ылайык келбеген экспонат жана кафетерийдин жабдыктарын алып келип орнотконун айтышты. Күбөлөр өз көрсөтмөсүндө президенттик аппараттын мурдагы кызматкери Мира Карыбаева аларга басым кылып турганын белгилешти.
Бул иште шек саналып жаткан Карыбаева дооматтарды четке кагып, тескерисинче музейдин кызматкерлерин ишиндеги кемчиликтери үчүн айыптады.
Колдоо таппаган концепция
12-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланды.
Бул иштер боюнча күбөлөрдүн бири, музейдеги экспонаттарды сактоо боюнча башкы кызматкер Нурхат Иманкулова музейди оңдоонун тарыхына токтотулду. Анын сотто берген маалыматына караганда, музейдин жамааты Улуттук тарых музейинин ичин реконструкциялоо боюнча концепция иштеп чыгып, аны Улуттук илимдер академиясы 2013-жылы жактырган.
Бирок 2017-жылы кайрадан музейдин жаңы экспозициясынын долбоору иштелип чыккан. Ушул эле жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бул долбоорду бекитип, германиялык компания музейди ушул документке таянып реконструкциялаган.
Иманкулова 2017-жылы кабыл алынган долбоордо музейдин кызматкерлери ага чейин иштеп чыккан концепциядагы сунуштардын 90 пайызы камтылбай калганын, музейди оңдоо иштери ошондо эле туура эмес башталганын айтты. Ал музейди оңдоп-түзөө иштерин президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жетектегенин, музейдин кызматкерлеринин пикири эске алынбай, Карыбаева басым кылып турганын кошумчалады:
Алар биздин бардык эмгегибизди тартып алышып, баарын өзүлөрү жасашкан.
- Бизге дайыма моралдык жактан басым болуп турган. Биз андан коркчубуз (ред: Мира Карыбаева). Анткени ал кызматкерлерге ар дайым кыйкырып, урушчу. Биз эмне жасасак да ага жакчу эмес. Алар биздин бардык эмгегибизди тартып алышып, баарын өзүлөрү жасашкан. Бирок музейдин реконструкциясын азыркыга чейин аягына чыгарыша элек.
Президенттин расмий сайтындагы маалымат боюнча, 2017-жылдын 23-майында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Улуттук тарых музейинин жаңы экспозициясынын долбоору менен таанышкан. Анда долбоор Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси боюнча музейдин адистери жана Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен чогуу иштелип чыкканы жазылат.
Бирок сотто көрсөтмө берген музейдин кызматкерлери музейди оңдоо иши боюнча алардын пикири эске алынбаганын, музейге алар ойлогондой Кыргызстандын тарыхын чагылдырган экспонаттар эмес, такыр башка жыгач мамылар орнотулганын айтып жатышат. Музейдин дагы бир кызматкери Надежда Притеева мындай деди:
- Мамылар жана жыгач аттар биздин концепцияга таптакыр туура келбейт. Буларды орнотуу биздин оюбузга да келген эмес. Биз музейде «Манас» эпосун же Улуу жибек жолун көрсөткүбүз келген. Качан биз жыгач мамыларды көргөндө баарыбыз каршы болгонбуз. Жыгач аттар, мамылар заманбап музейге ылайыктуу. Эл музейге келип, аларды көрүп эс алып кетет. Бирок ал биздин өлкөнүн тарыхын өзүнө камтыган, мамлекеттин тарыхын көрсөтүүчү музейге туура келбейт да!
Музейдин ички жабдыктарын жаңылаган германиялык «Vitrinen und Glasbau REIER» компаниясы сөз болуп жаткан 58 жыгач мамынын ар бирин 148 миң сомдон, эки жыгач атты 22 миң евродон алып келгени айтылган.
Карыбаеванын жообу
Музейдин адистери андан тышкары көргөзмө материалдар коюлчу айнек үкөктөр (витрина) дубалга илинип турушу керек экенин, бирок REIER ишканасы жерге коюлчу гана үкөктөрдү орнотуп койгондуктан ал көп жерди ээлеп, муйзейге келгендерге да ыңгайсыздык жаратарын белгилешти. Алар кандай гана маселе болбосун иштин баары президенттик аппарат менен компаниянын ортосунда чечилип турганын айтышууда.
Анткен менен Мира Карыбаева коюлган дооматтардын баарын четке кагып, тескерисинче музейдин адистерин айыптады. Ал кызматкерлер жөнөкөй гана жазуулардан одоно каталарды кетиришкенин айтып, музейди жаңылоо ишиндеги кемчиликтер боюнча жазуу жүзүндө эч кандай кайрылуу болбогонун жүйө кылды:
- Ушул иштин баары жасалып жатканда эмне үчүн бир да жолу музейди оңдоо боюнча инструкцияны көрсөтүп, жазып алып келген жоксуңар? Мен силерди укчумун. Мен 1,5 жылдан бери мамлекеттик кызматта эмесмин. Азыр бардык кемчиликтерди оңдогонго, ишти сапаттуу жасаганга силерге ким жолтоо болуп жатат?
Улуттук тарых музейине байланыштуу кылмыш ишин тергөөдө музейдин ичин оңдоого беш ай берилгени, бул жетишсиз болгону жазылган. Музейдин кызматери Нурхат Иманкулованын маалыматы боюнча, музейди 2017-жылдын 31-августунда ачуу тапшырылып, бирок курулуш иштери белгиленген убакытта бүтпөй калган. Президенттик аппараттын кызматкерлери музейди Алмазбек Атамбаев ачышы керек экенин айтышып, ишти тезирээк бүтүрүүнү талап кылышкан.
Бирок музей азыркы күнгө чейин ачыла элек. Буга чейин маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Азаттыктагы» маегинде Улуттук тарых музейин оңдогон немис компаниясына Кыргызстан 225 миң евро карыз экенин, ал төлөнбөсө музейдин ачылышы кыйын экенин билдирген.
Судьяга берилген сунуш
Бул иште «Коррупция» беренеси менен шек саналып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков күбөлөрдүн көрсөтмөсүнөн кийин судьяга соттун көчмө жыйынын музейде өткөрүүнү сунуш кылды:
- Мен сиз Улуттук тарых музейине жана Ысык-Көлдө салынган ипподромго барып, ал жакта эмне жасалганын, инфратүзүмүн көрүп келишиңизди өтүнөм. Ал жактан сиз баарын көрүп, суроолорго жооп да алсаңыз болот. Мисалы, мен азыр камакта отуруп эле бүгүнкү сөздөрдү угуп, эч нерсени көрбөсөм менде деле ал жакта бомба жарылгандай эле элес калтырмак. Ошондуктан музейге жана ипподромго барып келишиңизди суранам. Анткени бул маанилүү.
Сот бул өтүнүчтү ачык калтырып, сунуш күбөлөрдүн баары суралып бүткөндөн кийин караларына убада берди. Соттук отурум 19-ноябрда уланат.
Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты кишиге Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Исаков менен Карыбаевадан башкасы тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн алардын иштери бөлөк каралууда.
2016-жылдагы эки тараптуу макулдашуунун негизинде Түркиянын ТИКА уюму Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин оңдоону өзүнө алып, ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат караган.
Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылгандан улам, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы тергөөдө аныкталган. Буга байланыштуу мамлекеттик бюджеттен бир жарым миллиард сомдон ашуун кошумча каражат сарпталган.
Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөн бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген.
Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта музейдин аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта музейдин ички бөлмөлөрүндө экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн.