Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:23

Исаков: окуу китептерин даярдоодо жоопкерчилик күчөтүлдү


Сооронбай Жээнбеков жана Каныбек Исаков.
Сооронбай Жээнбеков жана Каныбек Исаков.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков окуу китептерин даярдоого катышкан тараптардын милдеттери так аныкталып, жоопкерчилик күчөтүлгөнүн билдирди.

Ал бул тууралуу 29-октябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда айтканын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда мектептерди сапаттуу китептер менен камсыз кылуудан тышкары курулушу бүтө элек жана авариялык мектептердин абалы, билим берүү объектилеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурулду.

Исаковдун маалыматына ылайык, 2020-2030-жылдарга билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты. Министр билим берүү уюмдарына лицензияны электрондук жол менен берүү башталып, мектептерди Интернетке кошуу иштери жанданарын айтты.

Буга чейин бир катар окуу китептеринде грамматикалык каталар чыгып, министрликтин иши катуу сынга кабылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG