Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:40

Бишкектеги эски аянтка Усубалиевдин ысымы ыйгарылат


Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 2015-жыл, 9-сентябрь.
Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 2015-жыл, 9-сентябрь.

Бишкектеги эски аянтка Турдакун Усубалиевдин аты берилет. Шаардык кеңеш 23-октябрда ушундай чечимге келип, токтом кабыл алганы расмий кабарланды. Токтом 2020-жылдын октябрь айында күчүнө кирет.

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин атын эски аянтка ыйгаруу боюнча токтомдун долбоору июлда коомдук талкууга коюлган.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Кочкордо туулган. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын, «Ак шумкар» өзгөчө белгисин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган.

Анын 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 4-февралда кол койгон.

Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине берилери да маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG