Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Мелис Турганбаев дүйнө чемпиону болду


Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде. 11-октябрь, 2019-ж. Тбилиси, Грузия.
Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде. 11-октябрь, 2019-ж. Тбилиси, Грузия.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев ушул күндөрү Грузиянын Тбилиси шаарында өтүп жаткан эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Турганбаев бүгүн, 11-октябрда 56 жаштан 60 жашка чейинки курактагы балбандар арасында (Е категориясы) 78 килограмм салмакта күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү.

Алгач ирандык Гасем Мохаммадды, андан соң украиналык Сослан Адыхаевди жеңди жарым финалда казакстандык Турпарали Сулиминовду килемге басып жыгып, алтын байге үчүн таймашта АКШ өкүлү Жорж Бредли Шварцты жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Мурдагы ички иштер министри, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатында буга чейин эки жолу коло байге алган (2016-ж.,2018-ж.).

Бул дүйнө чемпионатында бүгүн, 11-октябрда кыргызстандык дагы бир ардагер балбан Билимбек Капарбеков финалга чыкты. Ал 40 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 78 килограмм салмакта алтын байге үчүн ирандык Давуд Гафар Голипуур менен таймашта жеңилип (1:12), күмүш байге алды. Капарбеков финалдык таймашка чейин алгач украиналык Андрий Халканы 11:0, жарым финалда грузиялык Вахтанг Нариашвилини 10:0 эсебинде жеңип алган.

Күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты 8-октябрда башталган. Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда кыргызстандык Бердикул Караев (56-60 жаштагылар арасында, 88 кг.) күмүш, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов (41- 45 жаштагылар арасында, 70 кг.) коло байге алган. Таймаштар 13-октябрда жыйынтыкталат. (ECh).

XS
SM
MD
LG