Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Орусияда чыккынчылыкка айыпталган 72 жаштагы ардагер 12 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда Ростов облустук соту Украина менен чектешкен Чертково айылынын 72 жаштагы тургуну, ардагер Владимир Моргуновду "мамлекетке чыккынчылык кылган" деп тапты жана 12 жылга эркинен ажыратты. Маалыматка караганда ал күнөөсүн толук мойнуна алган жана сот жараяны өзгөчө тартипте өткөн.

Моргунов былтыр ноябрь айында камакка алынган. Анын үйүн тинткен маалда уюкфондун он кутусу, бир топ сим-карталар жана Украина менен Орусиянын паспорттору табылган.

Облустук атайын кызмат аны чет өлкөлүк тыңчылар менен кызматташкан, чек арадагы Чертково айылы, андагы аскердик техникалардын жайгашкан жери тууралуу маалыматтарды берип турган деп айыптаган. Кайсы мамлекет менен кызматташканы расмий айтылган эмес.

Орусияда мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталгандар 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мындай иштердин тергөө материалдары сыр бойдон сакталат жана сот жараяны жабык өтөт.

XS
SM
MD
LG