Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:40

Мурдагы министр Үмөталиев Аскер прокуратурасына чакыртылды


Эмил Үмөталиев.
Эмил Үмөталиев.

Мурдагы экономика министри, белгилүү ишкер Эмил Үмөталиев Аскер прокуратурасына чакыртылды. Бул маалыматты ал «Азаттык» радиосуна тастыктап, суракка 2-октябрга саат 17:00гө чакыруу келгенин айтты.

- Эмне себептен чакырып жатышканы белгисиз, түшүнүксүз. Суракка барам. Адвокатымды кошо ала барам, - деди Үмөталиев.

Чакыруу Аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсүнүн атынан келген.

Эмил Үмөталиев 2010-2011-жылдары Экономикалык жөнгө салуу министрлигин жетектеген. Ал «Kyrgyz Concept» компаниясынын негиздөөчүсү.

Экс-министр суракка эмне себептен чакырылганын билиш үчүн «Азаттык» радиосу Башкы прокуратурага кайрылды. Азырынча жооп боло элек. (RK)

XS
SM
MD
LG