Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Рахмондун саясий оппоненти партия түптөйт


Сүрөттө: Москвага бараткан тажик мигранттары.
Сүрөттө: Москвага бараткан тажик мигранттары.

Орусиядагы тажикстандык мигранттар өз партиясын негиздеп жатышат.

Москвада жаңыдан түптөлүп жаткан «Өзгөрүүлөр, реформалар жана өнүгүү» партиясына чет жакта жүргөн бардык тажик жарандары кошула алат.

Бир топ жылдан бери Москвада жашаган укук коргоочу Иззат Амондун айтымында, жаңы саясий бирикменин максаты - Ата Журтунан алыс жүргөн мигранттар менен саясий качкындардын Тажикстандын коомдук-саясий турмушуна, президенттик жана парламенттик шайлоого катышуусун камсыз кылуу. Орусияда гана тажик мигранттарынын саны эки миллионго жетет.

Иззат Амон.
Иззат Амон.

«30 жыл өттү. Бирок тажик коому саясий процесстерге, парламенттик, президенттик шайлоолорго катышпай калган. Жарандык коом бул процесстерден толугу менен четте калды, – деп түшүндүрөт Иззат Амон. – Партия түзүү менен биз бул кырдаалды өзгөртүп, коркунучту жоюну көздөйбүз. Адамдар түшүнүп, жарандык жоопкерчиликти алышы абзел».

Эми жаңы партия Тажикстандын Юстиция министрлигинен расмий каттоодон өтүшү керек. Андан соң өлкөнүн өзүндө жана чет мамлекеттерде партиянын бөлүмдөрүн ачуу пландалган.

Тажикстанда кийинки парламенттик шайлоо 2020-жылы жазында, ал эми президенттик шайлоо күзүндө өтөт. Ага чейин Иззат Амон эмгек мигранттары менен саясий эмигранттардын башын бириктирип, саясий күч топтоого белсенип турат:

«Мигранттар Орусияда гана эмес, башка өлкөлөрдө да жашап иштешет. Саясий процесстерге таасир этүүнү каалаган мигранттар Европада, Америкада жана дүйнөнүн башка булуң-бурчтарында да бар. Саясий партия түптөөнүн алдында биз алар менен байланышып, баарлаштык».

Сырттагы тажик мигранттарынын башын бириктирген саясий кыймыл биринчи жолу түзүлүп жаткан жери жок. Буга чейин партия уюштургусу келген активисттер Тажикстанда куугунтукка кабылып, алды түрмөгө камалган.

Маселен, мурдагы өнөр жай министри Зайд Саидов «Жаңы Тажикстан» партиясын түзүү ниетин билдирген соң коррупцияга байланыштуу айыпталып, 2013-жылы 26 жылга соттолгон. Дагы бир ишкер, оппозициячы Ибрагим Максудов 2015-жылы 13 жылга эркинен ажыратылган. Анын орус жарандыгы бар экенине карабай, Москва Дүйшөмбүгө экстрадициялаган.

Укук коргоочулар Максудовдун Москвада кармалып, Дүйшөмбүгө мыйзамсыз экстрадицияланышына каршы арызданып, Адам укуктары боюнча Европа сотуна да кайрылышкан.

Светлана Ганнушкина.
Светлана Ганнушкина.

«Ооба, мындай куугунтук толтура. Ибрагим Максудовдун тагдыры бир гана мисал эмес. Орусиянын аймагында Өзбекстан менен Тажикстандын жарандарын уурдап кеткен окуялар көп эле болот», – дейт «Жарандык көмөк» комитетинин башчысы Светлана Ганнушкина.

Быйыл январда Тажикстанда Иззат Амонго карата «Экстремизм» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун тажикстандык маалымат каражаттары жазып чыгышкан. 1996-жылы орус жарандыгын алган Иззат өзү Тажикстандын тергөө органдарынан эч кандай билдирүү албаганын айтып, бул маалыматты тастыктаган эмес. Анын «YouTube» каналындагы «Эмне үчүн өкмөт хижабга тыюу салып жатат?» деп тажик бийлигин сындаган видеосу «маалымат каражаттары жана Интернет аркылуу экстремисттик ишмердүүлүккө чакырык» катары бааланып, кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Орусияда тажикстандык мигранттардын «Өзгөрүүлөр, реформалар жана өнүгүү» партиясы жаңыдан түптөлүп жатат. Азырынча жаңы саясий бирикме Дүйшөмбүнүн узун укуругуна илинип, таркап кетеби же тескерисинче тажик бийлиги менен тил табышып кетеби деген божомол гана бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG