Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:38

«Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

17-сентябрда курултай өткөрүү боюнча жоболорду иштеп чыгуу максатында түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, элдик курултайлардын айрым түрлөрүн бекитүү сунушталууда:

  • айылдык округ жана шаардын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайы;
  • райондун, облустун, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү жамааттарынын элдик курултайы;
  • Кыргызстан элинин курултайы.

Мыйзам долбооруна ылайык, элдик курултайдын чечимдери мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн консультация жана сунуш киргизүү мүнөзүнө ээ болот. Ошондой эле алар президент, Жогорку Кеңеш жана өкмөт, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан Конституция жана мыйзамдар бекиткен милдеттерине жараша ишке ашырылат.

Курултайдын делегаттарын шайлоодо туруктуу ротация принциби каралат, башкача айтканда ар бир курултайга жаңы делегаттарды шайлоо өткөрүлөт. Ал эми элдик курултайлардын делегаттарын шайлоо укугуна айылдык округ, район, шаар же облустун тиешелүү аймагында жашаган жарандар гана ээ болот.

Конституциянын 52-беренесине ылайык, жарандар республикалык жана жергиликтүү маанидеги мыйзамдарды жана чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга, мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ болгон маселелер боюнча элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Бирок учурда элдик курултайларды түзүүнүн тартибин жана ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзамдык акт жок.

2019-жылдын 15-февралында курултай өткөрүү боюнча жоболорду иштеп чыгыш үчүн жумушчу топ түзүлгөн. Ал топту президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев жетектейт. Ага депутаттар, коомдук ишмер, саясатчылар мүчө болуп киришкен.

Кыргызстанда жыл сайын ар кандай саясий күчтөр курултай өткөрүп, бийликке баа берип, ар кандай саясий талаптарды коюп келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG