Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:01

Казакстанда поезд автобус менен кагышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Алматы облусунда жүргүнчү ташыган поезд автобус менен кагышты. Окуя 15-сентябрда кечке маал болгон. «Алматы-Костанай» багытындагы поезд «Алматы-Каскелең» багытындагы жүргүнчү ташыган автобусту сүзүп кеткен. Кырсык маалында автобуста 67 адам болгон. Анын кесепетинин автобустун айдоочусу каза болуп, үч адам ооруканага түштү. Алардын экөө жаш балдар экени айтылууда.

«Автобустун айдоочусу тиешелүү сигналдарга көңүл бурбай, темир жолго чыга калган. Анын жыйынтыгында жол кырсыгы болду», деп айтылат Алматы облусунун полиция департаментинин билдирүүсүндө.

Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Твиттердеги» баракчасына жол кырсыгы боюнча билдирүү калтырып, иликтөө башталганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG