Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Кылмышты жашырган кыңыр иш


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандык активисттер Бишкекте эки кишини сабаган бир туугандарды калкалап, аларды жаап-жашырууга катышы бар деп шек саналган милициянын чоңдору жоопко тартылбай жатканын айтып чыгышты.

Ошол эле учурда бул иш боюнча чечим кабыл алууга тиешеси жок эки кенже кызматкер кармалып, камакка алынып, көп өтпөй сот тарабынан үй камагына чыгарылган. Камалып чыккандардын жакындары кенже кызматкерлер кылмышка шектүүлөрдү милиция бөлүмүнө алып барып, аларды кийин бошотуп жиберген кызмат адамдары үчүн азыр жоопко тартылып жатканын айтып, даттанышты.

Кылмышты жашыргандар "коңулда" калды

28-августта Бишкек шаарындагы Ахунбаев-Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде эки адамды катуу сабап, өмүрүнө коркунуч келтирди деп шек саналган бир туугандар - Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбеков окуядан кийин кармалып, милиция бөлүмүнөн кайра коё берилген.

Жабырлануучулардын тарапташтары милициянын үстүнөн арыздангандан кийин маселе коомчулукта талкуу жаратып, аларга издөө жарыяланган. Кылмышка шектүү эки адам 6-сентябрда милицияга өздөрү келип, сот аларды эки айга камоо чечимин чыгарган. Бирок аларды башында коё берген милиция бөлүмүнүн башчысы, тергөөчү жана из жашырып, ишти бурмалоого өбөлгө түзгөн милициянын башка кызмат адамдары жоопко тартылбай калган.

Тынчтыкбек Алтымышев.
Тынчтыкбек Алтымышев.

Жарандык активист жана журналист Тынчтыкбек Алтымышев бул жагдай тууралуу мындай деди:

"Кылмышка шектүүлөрдү бошотуп жиберген, аларга төрт күнгө чейин издөө жарыяланбаган, жабырлануучу тараптын арызын кабыл албай койгон жагдайлар боюнча Бишкек ШИИБ башчысына чейин жооп берүүгө тийиш болчу. Тергөөчү эмнеге чара көргөн эмес? Тескерисинче, зөөкүрлөрдүн өзүн жабырлануучу кылып, алардан жасалма арыздарын кабыл алган экен. Бул иш боюнча негизи Ленин райондук милициясынын башчысы Мадияр Кулуев, милиция бөлүмүнүн башчысы жана ишти караган тергөөчү сөзсүз түрдө жоопко тартышылы керек. Анткени адам өмүрүнө кол салган кылмышты жашыруу оңой иш эмес".

Бишкектин Ленин райондук милициясынын башчысы Мадияр Кулуев кылмышка шектүүлөрдү калкалоого жана жаап-жашырууга тиешеси жоктугун айтып, мына ошондой аракети далилденсе, кызматын тапшырып берерин айткан болчу:

"Эгерде менин бул ишке кымындай эле тиешем болсо, ошол замат арызымды жазып, кызматтан кетип калмакмын. Кылмышка шектүү катары өтүп жаткан Бапышев менен Сейитбеков жабырлануучу тараптан мурда милицияга келип, арыз жазганы тууралуу мага маалымат келип түшкөн. Арызында алар, өздөрү сабалганы тууралуу жазышкан. Кийин милициянын 102 кызматынан 4-шаардык ооруканага бирөөлөр катуу сабалып, түшкөнү тууралуу маалымат келген. Биз аларды жаап-жашырган жокпуз. Милицияда 30 жыл иштеп, мына ошондой мыкаачыларды биринчи жолу көрүшүм".

Кылмышка шектүүлөр көрсөтмө берүүдөн баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Милициянын автоматчысы, шоопуру жоопко тартылганда

Бирок милициянын жетекчилеринин арасынан кылмышка шектүүлөрдү бошотуп, бул ишти жаап-жашырган бир дагы кызмат адамы кармалып же камакка алынган эмес. Болгону кылмышка шектүүлөрдү милиция бөлүмүнө коштоп барган эки кызматкер 7-сентябрда кармалып, камакка алынган.

Алардын биринин эжеси Элла Жакшылыкова кылмышты жашыргандар четте калып, андай чечим кабыл алууга тиешеси жоктор жоопко тартылып жатканын билдирди:

Кылмышка шектүүлөрдүн милицияда иштеген майор агасы бул ишке катышы бар экени айтылган. Бирок азыр милициянын кенже курамындагы эч кандай кызматтык ыйгарым укугу жок автоматчик менен айдоочуга кылмыш ишин козгошту.
Элла Жакшылыкова


"Аларды милиция бөлүмүнө жеткирип келишкен. Алар анан ошол жактан чыгып кетип жатышпайбы. Жөн эле бошонуп кетпей, жабырлануучу катары тергөөчүгө арыз жазышкан экен. Буга чейин мына ошол ишти караган тергөөчү менен кылмышка шектүүлөрдүн милицияда иштеген майор агасы бул ишке катышы бар экени айтылган. Бирок азыр милициянын кенже курамындагы эч кандай кызматтык ыйгарым укугу жок автоматчик менен айдоочуга кылмыш ишин козгошту. Булардын үстүнөн экипаждын командири көзөмөлдөп турса, жанында милициянын майору турса, кылмышка шектүүлөрдү тергөөчүгө өткөрүп беришсе, анан алар кантип эле бошотуп жиберишмек эле?".

Бишкектин 102 кайгуул кызматынын эки милиция кызматкеринин үстүнөн "кылмышты жаап-жашыруу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылган. Биринчи май райондук сотунун расмий өкүлү Асел Равшанбекова бул эки кенже кызматкердин бөгөт чарасы каралып, аларды үй камагына чыгаруу чечими чыкканын билдирди:

"Биринчи май райондук сотунда прокуратура келтирген өтүнүч каралып, судья аны жарым-жартылай канааттандырды. "Аталган эки милиция кызматкеринин кармалганы" мыйзамдуу деп табылып, ушул жылдын 2-ноябрына чейин алардын бөгөт чарасы катары үй камагы тандалды. Судья мындай чечим чыгарып жатып, алардын жаш аялмет экенин, Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери барын жана иштеген жеринен жакшы мүнөздөмө берилген жагдайлардын бардыгын эске алып, үй камагына чыгарды".

Жоопкерчиликти оодаруунун "жоболоңу"

Мыкаачылык менен эки кишини сабап, адам өмүрүнө кол салууга шектелген бир туугандар - Жаныбек Бапышев менен Калысбек Сейитбековду калкалаган агасы Чүй облустук башкармалыгындагы криминалдык милиция кызматында ээлеп турган жумуш ордунан бошотулган.

Бирок ага иш козголо элек. Бул иш боюнча экипаждын командири, чечим кабыл алган тергөөчү жана милиция бөлүмүнүн башчысы жоопко тартылган эмес. Элла Жакшылыкова бул тууралуу мындай дейт:

"Бул жерде кызыгы, жоопкерчиликтин бардыгы моюнунда болгон кызмат адамы - экипаждын командири чыгып кетет дагы берки экөөнү кармап, эки берене менен айып коюшкан. Анткени анын атасы адвокат экен. Ал киши кирип, экөөнү каматып коюп, өзүнүн уулун бошотуп чыгып кетиптир. Анан дагы бизге жеткен маалыматтар боюнча ишти караган тергөөчүнү кармаган экен. Бирок кийин аны чыгарып, анын жасаган иштеринин бардыгын катардагы эки кызматкерге оодарып жиберишкен. Ал эми кылмышка шектүүлөрдүн милицияда иштеген агасы кармалган да, камалган да жок. Аны жөн эле кызматынан алып коюшту".

УКМК Бишкектин Ленин райондук милициясындагы кылмышты жаап-жашыруу фактысын иликтеген иш боюнча анын жетекчи курамынан кайсы кызмат адамдары жоопко тартылып жатканын жарыялай элек. Бул ишти өз көзөмөлүнө алган премьер-министр кылмышты жашырган ишке катышы барларды таап, жазалоону талап кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG